Казакстанда COVID-19 жуктургандардын саны 16 351 болду

Казакстанда COVID-19 жуктургандардын саны 16 351 болду

Казакстанда өткөн суткада 447 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Өсүш 3,0% түздү. Жалпы өлкө боюнча ооруга чалдыккандардын саны – 16 351 адам болду деп кабарлайт Саламаттык сактоо министрлиги. Бир суткада инфекция аныкталгандар боюнча борбор алдыда. Мында 103 бейтапта вирус оң натыйжа көрсөткөн. Караганды облусунда 57, Алматыда 41 бейтап аныкталды.

Жалпысынан аймактар боюнча эпидемиологиялык абал төмөнкүдөй:

Нур-Султан - 3113 (+103)

Алматы - 3258 (+41)

Шымкент - 1222 (+37)

Акмола облусу - 262 (+20)

Актөбе - 588 (+27)

Алматы облусу  - 554 (+9)

Атырау - 1379 (+17)

Чыгыш Казакстан облусу - 333 (+35)

Жамбыл  - 553 (+29)

Батыш Казакстан - 1069 (+28)

Караганды  - 1718 (+57)

Костанай - 258 (+11)

Кызылорда - 533 (+11)

Маңгыстау  - 409 (+5)

Павлодар облусу - 437

Түндүк Казакстан - 146 (+12)

Түркестан - 519 (+32).

Өлкөдө статистикага кошулбаган коронавирус белгилери жок дагы 778 вирус алып жүрүүчү катталды. Ошентип, алардын жалпы саны 7609 адамга жетти.

Аны менен катар, өткөн суткада 5 бейтап илдеттен улам каза таап, курман болгондордун саны 105ке жетти. 10139 адам илдеттен сакайып чыкты.

 

Фото: tengrinews.kz