Казакстанда COVID-19 бейтаптарынын саны 15877ге жетти

Казакстанда COVID-19 бейтаптарынын саны 15877ге жетти

Казакстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясынан 9 адам көз жумду. Алар Нур-Султан, Алматы жана Шымкент ооруканаларында дарыланып жатышкан.

Жалпысынан соңку 24 саат ичинде 335 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Өсүш 2,2% түздү. Оору жуктуруу учурларынын басымдуу бөлүгү Нур-Султан  шаарында (+59), Караганды облусунда  (+37) жана Алматыда (+35) деп маалымдайт РКнын Саламаттык сактоо министрлиги. Ошентип, республика боюнча COVID-19 бейтаптарынын саны 15877ге жетти.

Өлкө аймактарындагы абал төмөндөгүдөй:

Нур-Султан шаары - 3010 (+59)

Алматы - 3217 (+35)

Шымкент - 1185 (+18)

Акмола облусу - 242 (+15)

Актөбе  - 561 (+15)

Алматы облусу  - 545 (+11)

Атырау  - 1362 (+21)

Чыгыш Казакстан облусу - 298 (+21)

Жамбыл  - 524 (+15)

Батыш Казакстан - 1041 (+29)

Караганды  - 1661 (+37)

Костанай  - 247 (+6)

Кызылорда - 522 (+8)

Маңгыстау - 404 (+3)

Павлодар облусу  - 437 (+13)

Түндүк Казакстан облусу - 134 (+9)

Түркестан  - 487 (+20).

Ошондой эле, жалпы статистикага кошулбаган коронавирус илдетинин белгилери жок 656 оору алып жүрүүчү катталды. Ушул күнгө чейин Казакстанда симптомсуз коронавирус 6831 адамдан аныкталып жатат.

9902 казакстандык айыгып чыкса, 97 адам каза тапты.

 

Фото: 24.kz