ДССУ: COVID-19 илдетин дарылоодогу илимий жетишкендик жана беткап кийүү тууралуу

ДССУ: COVID-19 илдетин дарылоодогу илимий жетишкендик жана беткап кийүү тууралуу

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус Улуу Британияда өткөн COVID-19 оорусуна каршы дексаметазон стероидин клиникалык сыноонун жыйынтыгын «илимий жетишкендик» деп атады.

Оксфорддо жүргүзүлгөн изилдөөнүн жүрүшү көрсөткөндөй, кабылдоого каршы дексаметазон каражаты жасалма дем алдыруу жабдуусуна кошулган бейтаптардын арасындагы өлүм коркунучун 35%, ал эми кычкылтек алган бейтаптар арасындагы тобокелдикти 20% азайтат. Улуу Британияда бул дарынын баасы болгону беш фунт стерлингге тете акча турат. Шейшемби күнү өкмөт дексаметазон менен COVID-19 оорусун дарылоого уруксат берди.

«Бул жасалма дем алдырууга же кычкылтек менен дарылоого муктаж коронавируска чалдыккан бейтаптардын арасындагы өлүм көрсөткүчүн төмөндөткөн алгачкы каражат», - деген башкы директордун билдирүүсүн уюм келтирген.

ДССУ билдиргендей, Улуу Британия уюмга изилдөөлөрдүн алгачкы маалыматтарын берген.

 «Биз анын толук анализин чыдамсыздык менен жакын арада күтөбүз», - деп уюмдан кошумчалашты.

Эмне үчүн ДССУ беткап тагынууга карата өз чечими өзгөрттү?

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму беткап кийүү боюнча сунуштамасын өзгөрттү. Уюмдун директору Тедрос Адханом Гебрейесус беткапты айрыкча коомдук унааларда жана дүкөндөрдө милдеттүү түрдө кийип жүрүүгө чакырды.

Мурда ДССУ беткапты COVID-19 жугузуп алгандарга гана кийүү сунушталат деп эсептеген. Бул тууралуу ушул жылдын чын куран айынын 6-күнү жарыяланган уюмдун убактылуу колдонмосунда айтылган. Анда оорунун респиратордун белгилери жок адамдарга коомдук жайларга барбоо, аралыкты сактоо, колду жууп жүрүү жана колду бетке тийгизбөө, жөтөлгөндө же чүчкүргөндө оозду жабуу сыяктуу кеңештер берилген.

 

Пандемия учурунда жаңы инфекция жөнүндө маалымат өтө аз болгондуктан мындай сунуштамалар жетиштүү деп эсептелген.

 

Ал эми өзгөрүүлөргө жаңы илимий маалыматтар себеп болду. Кулжа айынын 1-күнү Lancet илимий басылмасында беткапты пайдаланууга арналган изилдөөлөргө жасалган сереп жарыяланды.  Анын авторлору коронавирусту эч кандай оору белгиси жок алып жүргөн адамдар ооруну башка адамдарга – мисалы сүйлөшүү убагында майда суу тамчылары аркылуу жугузаарын аныкташкан.

Жаңы сунуштамаларда вирустан натыйжалуу коргоону үчүн беткап эң аз дегенде үч катар кездемеден турушу керектиги баса белгиленген.

«Аныкталган далилдерге ылайык, ДССУ өкмөттөргө вирус кеңири таралган аймактарда жана социалдык обочолонуу татаал болгон жайларда, мисалы коомдук унааларда, дүкөндөрдө жана башка эл көп жүргөн жайларда беткаптарды колдонууну калкка сунуштоого кеңеш берет», - деп Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус айтты.  

Фото: eadaily.com


×