COVID-19: Дүйнөдө илдет жуктургандардын саны 8 миллиондон ашты

COVID-19: Дүйнөдө илдет жуктургандардын саны 8 миллиондон ашты

Коронавирус эпидемиясы басаңдай элек. Акыркы бир сутка ичинде эле дүйнө жүзүндө 124 миңден ашык жаңы бейтап жана 3400дөн ашуун курмандык катталды. Бүгүнкү күндө 188 мамлекетте 8 миллиондон ашык адам коронавирус илдетине чалдыкты.

АКШ COVID-19 илдетин жуктурган бейтаптардын саны боюнча алдыңкы орунда турат. Бүгүнкү күндө эпидемия менен 2 миллион он төрт миңден ашык адам күрөшүп жатат. Алардын көпчүлүгү Алабама, Оклахома, Флорида жана Түштүк Каролинада. Өткөн дем алыш күндөрү эле Америка Кошмо Штаттарында 40 миңден ашык адамга коронавирус диагнозу коюлган.

Адистер муну элдин массалык түрдө чогулуусу менен байланыштырууда. Алардын айтымында, АКШдагы парктарда, аянттарда жана жергиликтүү пляждарда адамдардын көп чогулуусу  эпидемиянын көбөйүшүнө алып келүүдө. Серепчилер ошондой эле, илдеттин өрчүшү тестирлөөнүн көбөйүшү менен байланыштуу экенин да жокко чыгарбайт. Бирок адистердин пикиринде, дагы бир башкы себеп, штаттарда өтүп жаткан расизмге каршы массалык нааразычылык акциялары.

Түштүк Американын эң ири мамлекети Бразилияда COVID-19 менен ооруган адамдардын саны, ошондой эле, өлүмгө учуроо көрсөткүчү рекорддук деңгээлде өсүп жатат. Өлкөдө 888 миңден ашык адамдан коронавирус инфекциясы аныкталып, 44 миңге жакын бейтап көз жумду. Бирок жакшы жаңылык да жок эмес. Инфекциядан өлкөдө 477 миң 700дөн ашык бейтап сакайып чыкты.

Жалпысынан Түндүк жана Түштүк Америка пандемиянын негизги очогу бойдон калууда. Перу коронавирус жуктургандардын саны боюнча Италияга жакындады (Перуда 232992 / Италияда 237290), ал эми Чили менен Мексикада инфекциянын жогорку деңгээли сакталууда.

Кара тизменин үчүнчү сабында коңшу Орусия турат. Өлкөдө коронавирустун 544 миң 700 учуру катталган. 293 миң 800 бейтап вирусту жеңип чыкса, 7300 адам каза тапты.

Кытай коронавирусту жакында гана токтото алганы менен өткөн бир сутка ичинде мында илдеттин 46 жаңы учуру катталды. Адистер COVID-19 жаңы чыккандыгын Пекиндеги  «Синьфади» дүң соода базары менен байланыштырууда. Анда кооптуу инфекциянын издери ласось балыгын сойгон тактадан табылган. Базар дароо жабылып, кызматкерлер COVID-19га кан тапшыруу үчүн жөнөтүлгөн. Башкарма борбордогу супермаркеттерден аталган балыкты сатуудан алып салган.

Шаар бийлиги инфекциянын жайылышына жол бербөө үчүн базардын аймагындагы он үйдү жапты. Ошондой эле, Пекинде дагы башка чектөөлөр киргизилди: эми тургундарга шаар сыртына такси жана гид коштоочу менен чыгууга тыюу салынды. Мындан тышкары, өкмөт кооптуу аймактарда жашаган же инфекция жуккан адамдар менен байланышта болгон адамдарга катуу көзөмөлдү жарыялады. Эпидемиянын андан ары жайылышына жол бербөө үчүн мындай адамдар борбордон чыгып кетпөөгө тийиш. Андай болбогон учурда алар тез арада жергиликтүү бийликке кабарлоосу керек.

Бүгүнкү күнгө чейин COVID-19 курмандыктарынын жалпы саны 437 миңден ашты. Болжол менен 3 миллион 880 миңге жакын бейтап илдеттен айыкты.

 

Фото: skr.su