Казакстанда COVID-19 илдетин жуктургандардын саны 15 миңден ашты

Казакстанда COVID-19 илдетин жуктургандардын саны 15 миңден ашты

Акыркы 24 саат ичинде инфекция жуктурган 383 адам аныкталды. Өсүш 2,6% түздү. Илдет жуктуруу учурларынын көбү Нур-Султанда (+104), Караганды облусунда (+50) жана Алматы шаарында (+34) катталды. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо министирлиги маалымдады. Республика боюнча  COVID-19 диагнозу коюлган бейтаптардын саны  – 15 192ге жетти.

Аймактар боюнча эпидемиологиялык абал төмөндөгүдөй:

Алматы - 3147 (+34)

Нур-Султан - 2864 (+104)

Караганды - 1572 (+50)

Атырау облусу - 1324 (+14)

Шымкент - 1158 (+25)

Батыш Казакстан - 991 (+24)

Актөбе  - 538 (+10)

Алматы облусу - 527 (+12)

Кызылорда  - 507 (+7)

Жамбыл - 500 (+9)

Түркестан - 464 (+10)

Маңгыстау - 397 (+18)

Павлодар - 383 (+34)

Чыгыш Казакстан - 265 (+3)

Костанай - 233 (+13)

Акмола облусу - 205 (+10)

Түндүк Казакстан  - 117 (+6).

Сакайып чыккандар – 9388.

Казакстанда өткөн суткада 4 адам коронавирустан көз жумду. Каза тапкандардын экөө Алматы шаарынан, бирөө Павлодар жана дагы бири Актөбе облусунан болгону аныкталды. Ошентип, өлкөдө COVID-19 инфекциясынан каза тапкандардын саны 81ге жетти.

Кулжа айынын 15деги абал боюнча жалпы статистикага кошулбаган коронавирус илдетинин белгилери жок вирусту алып жүрүүчү 600 адам катталды. Алардын жалпы саны – 5492 адамды түздү.

 

Фото: kaztag.kz