Обочолонгон чиновниктер: Саламаттык сактоо министри менен иш сапарына баргандар аралыктан иштөөгө өттү

Обочолонгон чиновниктер: Саламаттык сактоо министри менен иш сапарына баргандар аралыктан иштөөгө өттү

Коронавирус адам тандабайт. Эпидемия өлкөнүн жогорку бийлик өкүлдөрүнөн да аныкталып жатат. Алгач кооптуу илдетке президенттин маалымат катчысы Берик Уали чалдыкты. Эми бул оорунун белгилери саламаттык сактоо министри Елжан Биртановдо аныкталды. Андагы вирус симптомсуз эмес. Ошондуктан министр жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылды. Бул тууралуу Елжан Биртанов өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына: «Санитардык чараларды катуу сактоого карабастан бул илдет мени да айланып өткөн жок», - деп жазган.

«Айрыкча, аралыктан үйдө отуруп иштей албаган кызматкерлер үчүн кыйын. Акыркы күндөрү бир катар аймактарда, анын ичинде ишкерлер, ишканалар, медициналык адистер, мамлекеттик кызматкерлер жана ЖМК өкүлдөрүнүн арасында илдет жуктургандардын саны көбөйүүдө. Азыр көптөгөн адамдар глобалдык каатчылык жана Казакстандагы пандемиядан улам келип чыккан көйгөйлөрдү чечүү үчүн талыкпай иштеп жатышат. Биз көп учурда жеке жолугушууларга, региондорго иш сапарларга барууга туура келет. Мындай учурда албетте COVID-19 жуктуруп алуу коркунучу жогору», - дейт министр.

Министр бардык казакстандыктарды жеке карантин эрежелерин бекем сактоого чакырды.

«Жумушта, автоунаада, көчөдө, дүкөндө жана башка жерлерде мүмкүн болушунча аралыкты сактаңыз. Эгерде сиз кеңсе кызматкери болсоңуз, мүмкүн болушунча үйдөн иштөөгө аракет кылыңыз, видео чалуулар жана башка жаңы технологиялар аркылуу онлайн режиминде туугандарыңыз жана досторуңуз менен байланышыңыз. Эл алдында беткап тагынып, колуңузду кеминде 20 секунд самындап жууп туруңуз. Үй-бүлөңүздүн дене табын тез-тез өлчөп туруңуз. Эгер сиз төмөнкү симптомдордун бирин байкасаңыз: алсыроо, баш оору, тамагыңыз ооруса, дене табыңыз көтөрүлсө - дароо доктурга кайрылыңыз», - деп жазды Елжан Биртанов.

Елжан Биртанов менен байланышта болгон адамдар обочолонууга алынды. Алардын катарында премьер-министр Аскар Мамин да бар. Премьер-министр эки күн мурун иш сапары менен Жамбыл облусуна барган. Тест терс жыйынтык көрсөттү.

Саламаттык сактоо министри менен жолуккан Жамбыл облусунун акими Бердибек Сапарбаев дагы обочолонуп, онлайн режимде иштей баштады. Буга байланыштуу аймактын башчысы ооруну аныктоо үчүн тест тапшырды. Тест тастыкталган жок жана тесттин жыйынтыгы терс болду.

Кийинки эки жумада билим берүү жана илим министри аралыктан иштей турган болду. Асхат Аймагамбетов жана Елжан Биртанов иш сапар менен Жамбыл облусунда болушкан. Билим берүү министринен алынган сынамадан илдет белгилери аныкталган эмес.

«Асхат Канатулы өзүн жакшы сезип жатат. Бекитилген тартипке ылайык, ал обочолонууда болуп, алыстан иштейт. Белгиленген мөөнөттөн кийин министр кайрадан тест тапшырат. Жумуш план боюнча жүргүзүлөт», - деп айтылат министр тараткан маалымдамада.

 

Фото: tengrinews.kz