Жамбыл облусунда коронавируска каршы вакцина чыгарылат

Жамбыл облусунда коронавируска каршы вакцина чыгарылат

Жамбыл облусунда коронавируска каршы вакциналарды иштеп чыгаруучу заводдун курулушу башталды. Завод иммунобиологиялык препараттарды эл аралык стандарттарга ылайык өндүрөт. Бүгүнкү күндө Казакстандын  COVID-19га каршы талапкердик вакцинасы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун тизмесине киргизилген жана клиникага чейинки текшерүүдөн ийгиликтүү өтүп жатат. Жаңы завод пандемия тумоосуна, кургак учукка, бруцеллезго жана жалпысынан малдын ар кандай жугуштуу ооруларына каршы вакциналарды чыгарат. Курулуш иши ушул жылдын бештин айында бүткөрүлөт. Завод жыл сайын 60 миллион дозада биофармацевтикалык дарыларды өндүрөт.

«Биздин өнүмдөрдү коңшу мамлекеттерге сатуу мүмкүнчүлүгүбүз бар. Бүгүнкү күндө институтта 60тан ашык өндүрүшкө киргизилген дары-дармектери бар. Биздин изилдөөбүз Орусия жана Европа өлкөлөрүнүн деңгээлинде жүргүзүлөт. Бул себептен, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму биздин соңку жасаган COVID-19га каршы вакцинаны клиникалык текшерүүдөн өткөрүп жатат», -  деди биологиялык коопсуздук маселелер илимий-изилдөө институту мүдүрүнүн илим боюнча орун басары Ергали Абдираимов.

Ошондой эле, ушул жылдан баштап Жамбыл облусунда фармацевтикалык заводдун өндүрүшү кеңейтилет. Ал толук кубаттуулугу менен 600 адамды жумуш менен камсыз кылат. Ыкчам индустриалдык-инновациялык өнүгүү программасынын алкагында 2011-жылы ачылган завод бүгүнкү күндө ата мекендик медициналык мекемелерди туруктуу буюмдар менен камсыз кылууда. Компания бир жолу колдонулуучу медициналык аппараттарды, хирургия, акушердик, ортопедия, гинекология үчүн стерилдүү жана стерилденбеген шаймандарды, токулбаган материалдан жасалган жеке буюмдарды чыгарат. Компания өнүмдөрүнүн арасында пластикалык буюмдар, желимден жасалган заттар жана кан куюуга арналган системалар бар.

 

Фото: primeminister.kz