Казакстанда COVID-19 илдетин жуктургандардын саны 14 миң 800дөн ашты

Казакстанда COVID-19 илдетин жуктургандардын саны 14 миң 800дөн ашты

Казакстанда өткөн сутка ичинде 4 адам коронавирустан көз жумду. Каза тапкандардын экөө Акмола облусунан, бирөө Павлодар облусунан жана дагы бири Нур-Султандан болгон. Ошентип, өлкөдө COVID-19 илдетинен каза болгондордун саны 77ге жетти.

Мындан тышкары, акыркы 24 саат ичинде 313 адамга кооптуу инфекция жуккан. Өсүш 2,2% түздү. Ооруу жуктуруу учурларынын көпчүлүгү Нур-Султанда (+77), Караганды облусунда (+47) жана Алматыда (+31) катталган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Өлкөдө COVID-19 диагнозу коюлган бейтаптардын саны - 14809.

Аймактар боюнча эпидемиологиялык абал төмөндөгүдөй:

Алматы - 3113 (+31)

Нур-Султан шаары - 2760 (+77)

Караганды - 1522 (+47)

Атырау  - 1310 (+23)

Шымкент  - 1133 (+26)

Батыш Казакстан  - 967 (+30)

Актөбе  - 528 (+12)

Алматы облусу - 515 (+8)

Кызылорда  - 500 (+7)

Жамбыл  - 491 (+8)

Түркестан - 454 (+11)

Маңгыстау - 379 (+1)

Павлодар облусу - 349 (+3)

Чыгыш Казакстан облусу - 262 (+10)

Костанай - 220 (+2)

Акмола облусу - 195 (+2)

Түндүк Казакстан - 111 (+15).

Сакайып чыккандар – 9188.

Кулжа айынын 9дагы абал боюнча жалпы статистикага кошулбаган коронавирус илдетинин белгилери жок, бирок вирус алып жүрүүчү 490 адам катталды. Ошентип, алардын саны – 4892 адамды түздү.

 

Фото: footboom.com