Казакстанда COVID-19 бейтаптарынын саны – 13872

Казакстанда COVID-19 бейтаптарынын саны – 13872

Өлкөдө өткөн сутка ичинде 314 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча өсүш 2,3% түздү. Жуктуруп алгандардын көпчүлүгү Нур-Султан (+50), Алматы (+48) жана Караганды облусунун тургундары (+52). Жалпысынан өлкөдө коронавирустук инфекциянын тастыкталган учурларынын саны 13 872ге жетти.

Аймактар боюнча эпидемиологиялык абал төмөндөгүдөй:

Нур-Султан шаары - 2620 (+50)

Алматы - 3005 (+48)

Шымкент  - 1051 (+29)

Акмола облусу - 186 (+2)

Актөбе - 492 (+48)

Алматы облусу  - 490 (+20)

Атырау облусу - 1246 (+14)

Чыгыш Казакстан облусу - 224 (+9)

Жамбыл - 467 (+5)

Батыш Казакстан - 893 (+15)

Караганды  - 1342 (+52)

Костанай - 210 (+1)

Кызылорда  - 484

Маңгыстау - 368 (+11)

Павлодар  - 298 (+2)

Түндүк Казакстан - 76 (+4)

Түркестан - 420 (+4).

Кулжа айынын 11не карата  жалпы статистикага кошулбаган коронавирустун белгилери жок 630 бейтап аныкталып, оору алып жүрүүчүлөрдүн жалпы саны 3159 адамды түздү.

Инфекция өлкөдө биринчи жолу катталгандан бери жергиликтүү дарыгерлер 8593 бейтапты айыктырып чыгарды. Тилекке каршы, 67 адам коронавирустан көз жумду.

 

Фото: bryansk.kp.ru