Казакстанда коронавирус белгилери жок вирус алып жүрүүчүлөрдүн катары көбөйүүдө

Казакстанда коронавирус белгилери жок вирус алып жүрүүчүлөрдүн катары көбөйүүдө

Акыркы убакта өлкөдө кооптуу илдетти жуктурган, бирок оорунун белгилери байкалбаган адамдардын саны өсүүдө.  Бүгүнкү күндө клиникалык белгилери жок вирусту алып жүрүүчүлөрдүн жалпы саны 2529га жетти. Эми бейтаптар оору белгилери бар жана жок деп тиркелип, өзүнчө статистика жүргүзүлөт.

«Оору белгилери бар жана клиникалык белгилери жок деп бөлгөндүн себеби, оору белгилери бар бейтаптарга убакытты туура пайдаланып, өз убагында медициналык жардам көрсөтүү максатында жасалып жатат», - дейт Нур-Султан шаардык коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Сауле Кисикова.

Анын айтымында, бул белгилери жок адамдар көңүл сыртында калат дегенди билдирбейт. Мындай бейтаптарга аймактык клиникалардагы үй карантини шартында аралыктан көзөмөл жүргүзүлөт. Медициналык шаймандар менен камсыз кылынат. Бул жерде белгилери жок бейтаптарды кандай дарылоо керек жана алар эпидемиянын алып жүрүүчүсү катары канчалык коркунучтуу деген суроо туулат.

Мындай суроолорго жооп берип жатып, серепчилердин пикири экиге бөлүндү. Мисалы, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлү Мария Ван Керхове жакында эле COVID-19 белгилери жок бейтаптардын башкаларга вирус жуктурушу өтө сейрек  жана коопсуз экенин айтты.

«Бизде башка өлкөлөрдөн келген адистердин талдоочулук эсептери бар. Анда белгилери жок бейтаптар менен байланышта болгон адамдарды көзөмөлдөйт. Анын натыйжасында мындай адамдардан илдет жукпай турганы аныкталды», - деди М. Ван Керкхове.

Бирок серепчилер Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлүнүн мындай пикирин колдошпойт. Себеби, дүйнө жүзүнө жайылган кооптуу вирустун изилдене элек жактары дале көп. Алар азырынча кандайдыр бир так жыйынтык чыгарууга эрте экенин айтышууда.

 

Фото: kabar.kg