СOVID-19: Пандемия учурунда онлайн медицина жигердүү өнүктү

СOVID-19: Пандемия учурунда онлайн медицина жигердүү өнүктү

Пандемия – санарип медицинаны өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн көрсөттү. Эпидемия дүйнө жүзү боюнча жайылып жаткан учурда ден-соолугуна кам көргөн адамдардын онлайн медицинага кайрылуу көрсөткүчү кескин көбөйгөн. Адамдар клиникада кезекте туруунун же башка бейтаптар менен байланышуунун кесепеттерин эске алып, колл-борборлоруна чалуу же интернеттеги онлайн кеңеш берүү кызматтарын колдонууну туура көрүшкөн. Жарандардын чалууларын шаардагы iKOMEK109 борборунун адистери күнү-түнү кабыл  алып жатты.

«Биз Нур-Султан шаарынын Коомдук Саламаттык сактоо башкармалыгынан бүткүл керектүү маалыматтарды ыкчам түрдө  алып жаттык. Ошентип, жалган куран айынын 13нөн  ушул күнгө чейин өзгөчө кырдаал жана карантин убагында дарыгерлердин кабыл алуусуна  жазылуу боюнча 11 653 арыз келип түштү. Мындан тышкары, дарыгерлер коронавирустук инфекциянын белгилерине байланыштуу 20 312 арыз боюнча кеңеш беришти», - дейт борбордун башчысы Жаннат Дубирова.

Белгилей кетсек, Казакстанда онлайн медицинаны өнүктүрүүгө байланыштуу мыкты демилгелердин катары артууда. Жакында кол коюлган электрондук ден-соолук боюнча жол картасы бул багытта комплекстүү иштерди жүзөгө ашырууну көздөйт. 5 бөлүмдү камтыган документ тармакты массалык түрдө санариптештирүүгө багытталган. Комплекстүү долбоордун алкагында 2020-2021-жылдары 44 масштабдуу иш-чараны уюштуруу мерчемделүүдө.

«Электрондук медициналык карталар кадимки көрүнүшкө айланды. Бирок ар кандай маалымат тутумдарынын ортосунда маалымат алмашуу маселеси ачык бойдон калууда. Буга байланыштуу Жол картасына электрондук саламаттык сактоо тутумун иштеп чыгуу чаралары камтылган. Бул планга медициналык кызматтардын сапатын контролдоо жана медициналык кызматтарды керектөөчүлөр менен өз ара аракеттенүү, телемедицина жана электрондук рецепттерди иштеп чыгуу маселелерин киргизүү маанилүү деп эсептейбиз. Санитардык-эпидемиологиялык кызмат жана ишкананын санитардык паспорту электрондук тутумун киргизүү - бул жаңы ачык кызмат болот», – дейт «Атамекен» УИПнын Башкарма төрагасынын орун басары  Юлия Якупбаева.

Картанын өзүнчө бөлүмү жеке маалыматтарды коргоого жана маалымат алмашууну түзүүгө багытталган. Мындан тышкары, саламаттык сактоо уюмдарында маалыматтык коопсуздук саясатын сактоо боюнча чаралар каралган.

«Долбоор алкагында төмөнкүдөй санариптик каражаттар:   «суткалык колл-борбор - 1406», медициналык жардамдын кепилденген көлөмү жана МАМС алкагында медициналык кызмат алган бейтаптардын даттанууларын жана кайрылууларын каттоо, эсепке алуу, ошондой эле, аткаруу үчүн «Qoldau 24/7 мобилдик тиркемеси» киргизилди. Ага ылайык, Жол картасында ушул маселелерди биргелешип талдоо жана кызыктар тараптар менен конкреттүү, системалуу чараларды иштеп чыгуу күтүлүүдө», – дейт социалдык медициналык камсыздандыруу фондунун Башкарма төрагасы Айбатыр Жумагулов.

Ошондой эле, Казакстандын Үй-бүлөлүк Дарыгерлер бирикмеси санариптик медицинаны өнүктүрүү боюнча демөөрчүлөрдүн колдоосу менен бир катар долбоорлорду ишке ашырды. Мисалы, ассоциациянын баракчасында адамдарга онлайн режимде кеңеш берүү тутуму түзүлдү. Жумасына 7 күн саат 9дан кечки 18ге чейин адистер ден-соолукка байланыштуу ар кандай маселелер боюнча кесиптик жардам көрсөтүшөт.

«Менин биринчи аракетим болгондуктан тынчсыздануу бар. Ал жагынан маалыматым аз. Ар кандай ойлор тынчымды алат. Ошондуктан тажрыйбалуу адистердин жардамына муктаж болдум.  Карантин учурунда эч жакка бара албагандыктан, бардык суроолорума онлайн түрдө жооп алдым. Абдан ыңгайлуу. Пандемиядан кийин да ушундай мүмкүнчүлүк болсо жакшы болмок», - дейт Нур-Султан шаарынын тургуну Айжан Исабаева.

Медициналык адистер да заманбап талаптарга ылайыкташууда. Ошондуктан, алар карантин учурунда ар кандай электрондук платформалар аркылуу онлайн режимде тажрыйба алмашуу жана билимин өркүндөтүп жатышат.

«Карантинден бери KAFPConnect (Канзас Үй-бүлөлүк Дарыгерлер) бирикменин дарыгерлери менен иш жүргүзүлүүдө. КОДК кызматкерлери Үй-бүлөлүк медицина боюнча Америкалык кеңештин экзамендери үчүн клиникалык тапшырмаларды которуп, ылайыкташтырууда. Дарыгерлердин билимин ыктыярдуу текшерүү жана жоопторду Telegram Quiz функциясынын жардамы менен талкуулоо жүргүзүлүп жатат. Борбордук Азияга арналган Adamdar/CA массалык долбоору менен бирге «COVID-19: Дарыгерлердин сөзү» аттуу жөнөкөй виртуалдык китепче иштелип чыкты», - дейт  КОДК президенти Дамиля Нугманова.

Медицина тармагы заманбап тенденцияларга глобалдык чакырыктарга туруштук берүү үчүн алдыңкы технологияларды жапырт киргизүү аркылуу тез ыңгайлашуунун маанилүүлүгүн түшүндү. Бул пандемиянын дүйнө мамлекеттерине берген дагы бир сабагы болуп калды.

 

Фото: rg.ru