COVID-19 илдети дүйнөдө 7 миллион 240 миң адамдан аныкталды

COVID-19 илдети дүйнөдө 7 миллион 240 миң адамдан аныкталды

Коронавирустун дүйнө жүзү боюнча тез жайылуусу уланууда. Акыркы сутка ичинде дүйнө жүзү боюнча 109 миңге жакын адамдан COVID-19 илдети аныкталды.

Мындан тышкары, көптөгөн мамлекеттер карантиндик чараларды жеңилдетип жатышат. Адамдар кадимки жашоого кайтышып, парктарда сейилдеп, сулуулук салондоруна барып, кафелерде тамактанууда. Авиакомпаниялар эл аралык каттамдарды калыбына келтирүүгө даярданып жатышат. Деген менен Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму глобалдык көрсөткүчтөр начарлап баратканын эскертүүдө. Дарыгерлердин айтымында, эпидемиологиялык кырдаал жакшырып келе жаткан өлкөлөр үчүн өзүнө-өзү ишенүү башкы душман болуп саналат.

Жалпысынан пандемия башталгандан бери кооптуу инфекция 411 миңден ашуун адамдын өмүрүн алды. Адистердин жана илимпоздордун божомолдору да көңүл жылытаарлык эмес. Мисалы, АКШда баш оона айында эпидемиядан каза болгондордун саны 145 миңден ашышы мүмкүн.

Коронавирустун жаңы түрлөрү: инфекция мутациясынын кооптуулугу кандай?

Өлкө бийлиги эпидемиянын кесепетинен келтирилген зыянды эсептеп жатканда, илимпоздор коронавирустук инфекциянын жаңы түрүн табышты. Адистер дүйнөнүн ар кайсы бурчунан алынган он миңден ашык үлгүнү анализдеп, вирустун бир нече түрүн аныкташты. Алгоритм адистерге SARS-CoV-2 10,4 миң штаммды изилдөөгө мүмкүндүк берди. Натыйжада адистер инфекциялардын алты клоналдык тобун таап чыгышкан. Окумуштуулар анын сасык тумоо вирусу менен бирдей деңгээлде мутацияланарын айтышууда. Келечекте алар вирустун канчалык кооптуу экендигин, анын дагы кандай касиеттерин жана ар бир штаммдын адам өмүрүнө канчалык зыяндуу экендигин аныкташы керек.

Коронавирус боюнча статистика: АКШ дале тизменин көч башында келе жатса, Бразилия экинчи сапта

Бүгүнкү күндө дүйнөдө коронавирус илдетине чалдыккандардын саны 7 миллион 240 миңден ашты. Эң көп учур АКШда катталган. Мында кооптуу инфекция 1 миллион 979 миң 850 адамдан аныкталды. Пандемия башталгандан бери 112 миңден ашуун адам каза тапты. Алардын жарымы Нью-Йорктун тургуну. Эпидемиянын тез жайылып бара жатканы бардык штаттарда байкалууда. Вашингтондогу Ак үйдүн алдына чыккан демонстранттарды таркатуу үчүн иштеп жаткан Улуттук гвардия аскерлеринен да илдеттин очогу аныкталган. Бирок азырынча оору канча аскерге жукканы белгисиз.

Кара тизменин экинчи сабында Бразилия турат. Бул жерде 740 миңге жакын адам вирусту жуктуруп алган. Бирок бул сан  адаттагыдан кыйла көп болушу мүмкүн. Маалыматтарга ылайык, өлкөдө кырдаал курчуп кеткендигине байланыштуу бийлик өкүлдөрү расмий статистиканы жарыялабай койгон.

Орусия Федерациясы коронавирус каптаган алдыңкы үч  өлкөнүн бири. Бул жерде 484 миң 630 адамдан COVID-19 илдети аныкталган.

Улуу Британия, Индия, Испания, Италия, Перу, Франция, Германия жана Иран дале алгачкы ондукка кирген өлкөлөр боюнча калууда.

 

Фото: aa.com.tr