Елжан Биртанов: Өлкөдө эмдөөдөн улам бир дагы бала өлүмү катталган жок

Елжан Биртанов: Өлкөдө эмдөөдөн улам бир дагы бала өлүмү катталган жок

Саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов коомчулукта кызуу талкууга алынып жаткан, талаштуу маселеге байланыштуу дагы бир жолу түшүндүрмө берди. Анын айтымында, Казакстанда колдонулган бардык вакциналар көз карандысыз адистер тарабынан ар тараптуу кылдат иликтөөдөн өтөт. Бүгүнкү күнгө чейин эмдөө кесепетинин бир дагы учурлары катталган жок деп белгилейт мекеме башчысы.

Министр «Калктын саламаттыгы жана саламаттык сактоо системасы жөнүндө» жаңы Кодексте каралган  милдеттүү эмдөө боюнча түзөтүү өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасы негизинде жасалганын айтууда.

«Ар бир мыйзам долбоору илимий жаатта негизделген эксперттик иштин натыйжасы. Эмдөөдөн баш тарткандарга айыппул салууга азырынча даяр эмеспиз. Калктын кирешеси буга мүмкүндүк бербейт», - деди министр.

Елжан Биртанов калктын көпчүлүгү эмдөөдөн баш тартуусуна байланыштуу жогорудагыдай мыйзам долбоорун киргизүүгө туура келгендигин айтат.  Бирок министр милдеттүү деген сөз мажбурлоо дегенди билдирбей тургандыгын өзгөчө белгилеп өттү. Ата-энелер вакцинадан баш тарта алышат. Бирок, бала бакчадагы жана мектептеги башка адамдарга коркунуч туудурушу мүмкүндүгүн эске алуусу кажет.

«Дени сак, корголгон балдардын  оору жуктуруу көрсөткүчү төмөн болот. Айрыкча, онкологиялык жана өнөкөт оорулары бар балдар үчүн өтө кооптуу. Алар жапа чекпеши керек», - деди министр.

Елжан Биртановдун айтымында, көкжөтөл жана полиомиелит сыяктуу оорулар жоголуп кеткен жок. Алардын таралышына вакцина жол бербейт. Ата-энелер муну эске алышы керек.

«Эгер кимдир бирөө сиздерге космостон белги берип жатат деп ойлосоңуздар, вакцинадан баш тартыңыздар. Азыр калк арасында мындай туура эмес түшүнүк бар. Сиз балаңызды Казакстан Республикасынын жараны катары эмдетүүңүз керек. Бул улуттун коопсуздугу. Эгерде ал эмделбесе, анда ал башкаларга оору жугузушу мүмкүн. Муну түшүнүү маанилүү», - деп кошумчалады Елжан Биртанов.

 

Фото: liter.kz