ДССУ менен Дүйнөлүк банк жер шаарында эпидемиологиялык жана экономикалык абалдын начарлаганын маалымдады

ДССУ менен Дүйнөлүк банк жер шаарында эпидемиологиялык жана экономикалык абалдын начарлаганын маалымдады

Акыркы 9 күндө COVID-19 диагнозу коюлган бейтаптардын саны суткасына 100 миңден ашты. Жекшемби күнү дүйнө жүзү боюнча 136 миң адам илдетке чалдыкты. Европада коронавирустун таралышы төмөндөгөнүнө карабастан жалпы глобалдык кырдаал канааттандырарлык эмес. Бул тууралуу Женевада өткөн онлайн-брифингде Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысы Тедрос Адханом Гебрейесус билдирди. ДССУнун маалыматы боюнча, ушул кезге чейин 7 миллион кишиге коронавирус диагнозу коюлган жана инфекциядан 400 миң адам көз жумган.

«Аныкталган бардык учурлардын 75% 10 мамлекетке тиешелүү, алардын көпчүлүгү Америка жана Түштүк Азияда», - дейт Тедрос Гебрейесус.

ДССУнун башчысы Африка мамлекеттеринде да абал жакшы эместигин билдирди. Ошону менен катар, Чыгыш Европа менен Борбордук Азия өлкөлөрүндө жуктуруу көрсөткүчү өсүп келе жатканын айтты.

Уюмдун башчысынын айтымында, эпидемиологиялык кырдаал жакшырып келе жаткан өлкөлөр үчүн башкы душман - бул өзүнө болгон ишеним жана эркиндик.

«Калктын вируска канчалык деңгээлде дуушар болгонун аныктоо үчүн жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн натыйжалары дүйнө жүзүндөгү адамдардын көпчүлүгү дагы эле инфекцияга кайдыгер экенин көрсөтөт. Илдеттин кайталанышын алдын алуу үчүн жигердүү мониторинг жүргүзүүгө чакырабыз. Айрыкча, кээ бир өлкөлөрдө адамдардын көп чогулуусу байкалган жерлерде этият болуу керек», - дейт Гебрейесус.

Дүйнөлүк банк: жалпы экономикадагы төмөндөө

Өз кезегинде Дүйнөлүк банк дүйнөлүк экономиканын рекорддук төмөндөшүн божомолдоду. Бул тууралуу каржы институтунун серепчилери 2020-жылдын кулжа айындагы отчётунда маалымдады.

«Коронавирус пандемиясы жана карантин чаралары дүйнөлүк экономиканын кескин төмөндөшүнө алып келди. Натыйжада экономика рецессияга учурады. Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча, быйыл дүйнөлүк экономика 5,2%га төмөндөйт деп күтүлүүдө. Бул төмөндөө Экинчи Дүйнөлүк Согуштан кийинки мезгилге караганда кыйла оор», - деп айтылат билдирүүдө.

Дүйнөлүк банк өнүккөн өлкөлөрдө жалпы ички дүң өнүм быйыл 7%га, ал эми экономикасы калыптанып келе жаткан же өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө 2,5%га түшөт деп болжолдойт. Серепчилер бул төмөндөөнү «акыркы 60 жыл ичинде бул топтогу өлкөлөрдү жалпы каптаган рецессиясы» деп атады.

Ошол эле учурда, адистер 2021-жылы дүйнөлүк ИДӨнүн өсүшүн күтүшөт. Алардын божомолуна ылайык, үчтүн айындагы 2,6% эмес, анын ордуна 4,2% болушу толук мүмкүн.

 

Фото: informburo.kz