Казакстанда COVID-19 жуктургандардын саны 13 миңден ашты

Казакстанда COVID-19 жуктургандардын саны 13 миңден ашты

Казакстанда өткөн сутка ичинде эки адам коронавирустан көз жумду. Эки маркум тең Павлодар облусунан болгон.

Мындан тышкары, акыркы 24 саат ичинде инфекция жуктурган 215 адам аныкталды. Өсүү 1,7% түздү. Илдет жуктуруу учурларынын көбү Нур-Султанда (+42), Караганды облусунда (+41) жана Батыш Казакстанда (+27) катталган. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Өлкөдө COVID-19 диагнозу коюлган бейтаптардын саны - 13074кө жетти.

Аймактар боюнча эпидемиологиялык абал төмөндөгүдөй:

Нур-Султан шаары  - 2520 (+42)

Алматы - 2904 (+22)

Шымкент  - 978 (+22)

Акмола облусу - 177 (+1)

Актөбе - 401

Алматы облусу - 446 (+5)

Атырау  - 1222 (+9)

Чыгыш Казакстан облусу - 199 (+9)

Жамбыл  - 441 (+11)

Батыш Казакстан - 845 (+27)

Караганды - 1188 (+41)

Костанай - 205 (+3)

Кызылорда - 465

Маңгыстау - 331 (+3)

Павлодар  - 284 (+16)

Түндүк Казакстан - 65 (+1)

Түркестан - 403 (+3).

Сакайып чыккандар - 7737, каза тапкандар – 58 адам.

Кулжа айынын 8деги абал боюнча жалпы статистикага кошулбаган коронавирус илдетинин белгилери жок 339 алып жүрүүчү катталды. Ошентип, алардын жалпы саны – 1696 адамды түздү.

 

Фото: tengrinews.kz