Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 13 миңге жакындады

Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 13 миңге жакындады

Казакстанда кооптуу илдетти жуктурган дагы 165 адам аныкталды. Өсүү 1,3% түздү. Инфекция жуктуруу учурларынын көпчүлүгү Нур-Султан (+24) жана Алматы (+32) шаарларында катталган. Бул тууралуу республиканын Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Жалпы өлкө боюнча COVID-19 диагнозу коюлган бейтаптардын саны 12859ге жетти.

Аймактар боюнча эпидемиологиялык абал кийинкидей:

Нур-Султан - 2478 (+24)

Алматы - 2882 (+32)

Шымкент  - 956 (+14)

Акмола облусу - 176 (+1)

Актөбе - 401

Алматы облусу  - 441 (+15)

Атырау  - 1213 (+11)

Чыгыш Казакстан облусу - 190 (+5)

Жамбыл - 430 (+7)

Батыш Казакстан  - 818 (+13)

Караганды  - 1147 (+18)

Костанай - 202 (+2)

Кызылорда - 465 (+4)

Маңгыстау  - 328 (+3)

Павлодар  - 268 (+11)

Түндүк Казакстан облусу - 64

Түркестан  - 400 (+5).

7376 адам оорудан толугу менен айыгып чыкса, 56 адам көз жумду.  

Аны менен катар, өткөн суткада өлкөдө коронавирустук инфекциянын белгилери  жок 313 адам катталды. Алардын Казакстандагы жалпы саны 1357. Мындай учурларды жалпы статистикага кошпоо тууралуу чечим кабыл алынган.

 

Фото: tengrinews.kz