COVID-19: Европа акырындык менен чек араларын ачууда

COVID-19: Европа акырындык менен чек араларын ачууда

Германия: кулжа айынын 15нен баштап чек араларын ачат

Коронавирус илдети бир катар өлкөлөрдө акырындык менен турукташууда. Буга байланыштуу алар эл аралык каттамдарды жанданта баштады. Германия кулжа айынын 15нен тартып бир эле учурда Европа Биримдигинин 26 мамлекетине чек араларын ачат.

Айта кетүүчү жагдай, дүйнөдө коронавирус илдетин жуктуруу жана каза тапкандардын саны боюнча Германия учурда 9-орунда турат. Джонс Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, аталган өлкөдө 184 миң 472 адам COVID-19 илдетине чалдыгып, 8635 адам көз жумду.

Италия: Евробиримдик өлкөлөрү үчүн авиакаттамдарын жандантууда

Италияда бул көрсөткүч Германияга караганда бир кыйла жогору. Аталган өлкөдө 234 миңден ашык адам инфекцияга чалдыгып, 33 миңден ашуу киши каза тапты. Бирок бул көрсөткүч алардын чек араларын ушул аптанын ортосунда ачууга тоскоолдук кыла алган жок. Андан тышкары, өлкө бийлиги муну менен токтоп калган жок, коноктор 14 күндүк карантинде болушу керек деген норманы да алып салышты.

Мындай тобокелчиликке өлкө жетекчилиги пандемиядан улам кескин солгундап кеткен экономиканы тез арада калыбына келтирүү үчүн  барууда. Тактап айтканда, бул иш-чаралар өлкөнүн ИДӨнүн 14% камсыз кылган туризм тармагын колдоого багытталган.

Швейцария: теке айынын 6нан баштап коңшу мамлекеттердин жарандарын тосуп алат

Швейцария чек араларды ачууга шашылган жок. Европа Биримдигинин 22 өлкөсүнүн, ошондой эле, Исландия, Лихтенштейн, Норвегия туристтери Швейцариянын Альпы тоолоруна келүүгө теке айынын 6нан тарта гана мүмкүндүк ала алышат.

Бул жерде эл аралык туризмди 2024-жылга чейин толук калыбына келтирүү көздөлүп жатат.

Акыркы маалыматтар боюнча, Швейцарияда 30 миңден ашык адам коронавирусту жуктуруп алса, илдеттен 1900дөн ашуун адам көз жумду.

Бүгүнкү күндө Джонс Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, коронавирустун тастыкталган учурларынын саны болжол менен 6 миллион 600 миңди түздү. 390 миңден ашык адам кооптуу илдетке туруштук бере алган жок. 3 миллионго жакын адам COVID-19ду жеңип чыкты.

 

Фото: rfi.fr