Казакстанда илдет жуктургандардын саны 12 миңден ашты

Казакстанда илдет жуктургандардын саны 12 миңден ашты

Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус менен күрөшүү үчүн виброакустикалык аппараттарды сатып алды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Өпкө патологиясын дарылоочу 87 виброакустикалык шайман Казакстандын жугуштуу оорулар ооруканаларына таратылат.

«Бул COVID-19 вирусуна каршы күрөшүү үчүн саламаттык сактоо уюмдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого багытталган программанын уландысы болуп саналат. Улуттук стандарттардын талаптарына ылайык, вирустук инфекциялардан келип чыккан өпкө ооруларын дарылоо эрежелери боюнча виброакустикалык терапияны колдонуу керек. Бул аппаратты колдонуу оор абалдагы ооруп жаткан бейтаптардын ден-соолугуна оң таасирин тийгизет», - деп айтылат маалыматта.

Ал эми өлкөдө эпидемиологиялык абал жакшыра элек. Өткөн бир сутканын ичинде 4 бейтап инфекциядан көз жумду. Ошентип, коронавирустан каза тапкандардын саны 52ге жетти. Жалпысынан, акыркы бир суткада өлкөдө 245 адамга коронавирус диагнозу коюлган. Өсүү 2% түздү. Өлкөдө бул илдетке чалдыккандардын саны 12 312 адамга жетип, алардын жарымынан көбү же 6606 адам толугу менен айыгып чыкты.

Аймактар боюнча эпидемиологиялык абал төмөнкүдөй:

Алматы - 2790 (+49)

Нур-Султан шаары - 2379 (+35)

Атырау облусу - 1185 (+10)

Караганды  - 1072 (+48)

Шымкент шаары - 924 (+15)

Батыш Казакстан - 776 (+22)

Кызылорда - 452 (+3)

Алматы облусу - 413 (+11)

Жамбыл - 412 (+7)

Түркестан - 389 (+5)

Актөбе - 373 (+6)

Маңгыстау - 319 (+11)

Павлодар - 229 (+5)

Костанай - 195 (+4)

Акмола облусу - 172 (+5)

Чыгыш Казакстан облусу - 168 (+9)

Түндүк Казакстан облусу - 64.

 

Фото: ktk.kz