Сак бол! Эпидемиологдор санитардык талаптарды унутпоого чакырды

Сак бол! Эпидемиологдор санитардык талаптарды унутпоого чакырды

Коронавирус пандемиясы уланууда. Кооптуу илдет дале өрчүп, коркунучу азая элек. Ага карабастан көптөгөн өлкөлөр акырындык менен обочолонуудан чыгып, чектөө чараларын жеңилдетип жатышат. Массалык иш-чараларга уруксат берилип, аба каттамдары жана транспорттор жанданып, бир катар ишканалар менен уюмдар өз ишин баштады. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму карантинден кийинки сактык чараларын бекитүү менен бирге өзгөчө кырдаалдын экинчи толкуну болушу мүмкүн экенин эскертти. Ага жол бербөө үчүн күндөлүк жумуш орундарын дезинфекциялоо, социалдык аралыкты сактоо, жолугушуулар жана кызматтык иш сапарларды болушунча  кыскартуу сунушталган.

«Эпидемиянын экинчи толкуну болот деген божомол бар. Ошондуктан өкмөт, Саламаттык сактоо министрлиги жана коомчулук коркунучтун азырынча басаңдай электигин түшүнүшү керек. Пандемия токтой элек, уланууда. Чектөө чараларын жөнөкөйлөтүү милдеттүү чара болуп саналат. Эл буга өтө олуттуу мамиле кылышы керек. Ден-соолугу жөнүндө унутпаш үчүн ар бир адамга сактык чараларын көрүү абдан маанилүү. Ошондуктан, мен өлкөнүн жарандарын жана Казакстанга келген конокторду колдорун дайыма жууп турууга, аралыкты сактоого, беткап кийүүгө жана мүмкүн болсо, обочолонуу чараларын улантууга чакырам», - дейт Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Казакстандагы өкүлү Кэролайн Кларинваль.

Бугу айынын аягында өлкөдөгү мейманканалардын жана ресторандардын иши жанданды. Тейлөө учурунда санитардык талаптар так сакталышы керек. Ошондой эле, коноктордун санына да чектөө киргизилген. Мисалы, 100 чарчы метр аймакта 25 адамдан ашык кишини кабыл алууга тыюу салынган. Бул карантинге чейинки коюлган талаптан эки эсе аз. Ресторандар менен кафелерде саат 23.00гө чейин гана иштөөгө уруксат берилген.

«Бычак сыяктуу ашкана жабдыктарынын ар биринин колдонуу эрежелери бар. Бири чийки эт үчүн гана колдонулат, экинчиси даяр тамак үчүн гана колдонулат. Дезинфекция ар бир нөөмөттөн кийин жүргүзүлөт. Медициналык маскасыз келгендерге беткап бекер таратылат. Кафелердин кире беришине санитайзерлер орнотулган. Биз кызматкерлердин жана коноктордун ден-соолугуна көңүл буруп, бардык санитардык талаптарды эске алууга аракет кылабыз», - дейт борбордук ашкананын башчысы Сергей Тен.

Өзгөчө кырдаал режими алынганы менен айрым карантиндик чаралар дале сакталууда. Ар бир аймактагы эпидемиологиялык абалга жараша жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тиешелүү чечимдерди кабыл алышат. Кадимки жашоо деңгээлине тезирээк кайтып келүү элдердин өздөрүнө түздөн-түз байланыштуу. Ошондуктан, ар бир адам муну эске алып, өздөрү жана коомдун саламаттыгы үчүн жоопкерчиликти сезиши керек.

 

Фото: vlast.kz