Казакстандын Президенти жарандарды илдеттен коргонуу чараларын сактоого чакырды

Казакстандын Президенти жарандарды илдеттен коргонуу чараларын сактоого чакырды

Мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаев Өкмөттүк комиссия кабыл алган бардык чараларга карабастан казакстандыктар арасында илдетке чалдыгуу учурлары азайбай жатканын маалымдады. Бул тууралуу Президент Твиттердеги баракчасына  жазды.

«Өкмөттүк комиссиянын бардык иш-аракеттерине карабастан илдетке чалдыккандардын саны азайбай жатат. Коронавирустун экинчи толкуну басаңдай электигин ДССУ да ырастады. Мен дагы бир жолу мекендештерибизди илдеттин жайылышына жол бербөөгө жана эпидемиядан (аралык, дезинфекция, жеке гигиена, беткап тагынуу) сактануу жолдорун карманууга чакырам», деп жазды Казакстан Республикасынын Президенти.

 

Фото: kp.kz