COVID-19: адамдар менен сүйлөшпөө вирустан сактайбы?

COVID-19: адамдар менен сүйлөшпөө вирустан сактайбы?

Сактануунун жаңы жолу – сүйлөшпөө. Мексиканын борборунун бийлиги бул коронавирустун жайылышын болтурбоонун натыйжалуу жолу деген ишенимде. Ушул себептен Мексика администрациясы Твиттерде тургундарга жана конокторго метродо сүйлөшүүгө тыюу салган кулактандыруу жарыялады. Белгилей кетсек, Мексика адамдардын коомдук транспортто бири-бири менен сүйлөшүүсүнө тыюу салган жалгыз өлкө эмес. Буга чейин Сингапур дагы коомдук транспортто адамдардын бири-бирине жана уюлдук телефондор менен сүйлөшүүсүнө тыюу салган.

Европа  мектептери эшигин ачты

Дүйнө жүзүндөгү көптөгөн өлкөлөр кадимки жашоого кайта баштады. Карантин талаптарын жеңилдетүү билим берүүгө да таасирин тийгизди. Дүйшөмбүдөн баштап Англияда биринчи жана алтынчы класстардагы балдар үчүн, ошондой эле, даярдык класстарындагы айрым бала-бакчалар жана мектептер ачылды. Бирок ата-энелер балдарын үйүндө калтырып кетүүгө укуктуу. Окуу жайларынын ачылышына карабастан негизги артыкчылык студенттердин, мугалимдердин жана башка кызматкерлердин коопсуздугу болуп саналат. Башкача айтканда, бир класста 15тен ашык бала болбошу керек. Мындан тышкары, санитардык нормалар сакталууга тийиш. Ал эми кулжа айынын 15нен тартып 10-12-класстардын окуучуларынын төрттөн бир бөлүгү экзаменге даярдануу үчүн мектепке кайтып келе алышат.

Бельгияда башталгыч класстын окуучулары кулжай айынын 8нен тарта мектепке кайтып келишет. Эң башкы шарт - тарбиячылар балдардын социалдык аралыкты сактоосун көзөмөлдөөгө тийиш. 12 жашка чейинки балдарга медициналык беткап такпоого уруксат берилген. Башталгыч класстардагы окуучулардын саны 10дон ашпашы керек. Ар бир окуучунун орду кеминде 4 чарчы метр аралыкта болушу зарыл.

Грецияда башталгыч класстын окуучулары билимин мектепте уланта баштады. Ошондой эле, бир нече мейманканалар, ачык кинотеатрлар, бассейндер жана гольф аянтчалары ачылды.

Ал эми Америка Кошмо Штаттарында коронавирустан да билим берүү жана башаламандык маселеси дале актуалдуу бойдон калууда. Нью-Йоркто коменданттык саат киргизилди. Буга аймактагы массалык башаламандыктар себеп болгон. Афро-америкалык Джордж Флойддун өлүмүнө байланыштуу нааразычылык акциялары бир нече күндөн бери уланып келүүдө. Өкмөт аймактагы башаламандыктардын алдын алуу үчүн полиция кызматкерлеринин санын эки эсеге көбөйтүүнү мерчемдеп жатат. Ага ылайык, кошумча күчтөр Манхэттенге жана Бруклинге дагы жөнөтүлөт. Бүгүнкү күндө Америкада инфекциянын таралышы олуттуу түрдө басаңдай элек. Ошондуктан массалык нааразычылык акциясынан кийин вируска чалдыккандардын саны көбөйүшү мүмкүн.

Джонс Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө коронавирустук инфекция тастыкталган адамдардын саны 6 миллион 300 миңге жакындады. Мындан тышкары, пандемия башталгандан бери 375 миңден ашык бейтап вирустун курмандыгы болду. 3 миллионго жакын адам COVID-19 инфекциясын жеңип чыкты.

 

Фото: america.cgtn.com