COVID-19: Дүйнөдө илдетти жуктургандардын саны 6 миллиондон ашты

COVID-19: Дүйнөдө илдетти жуктургандардын саны 6 миллиондон ашты

Дүйнө жүзүндө бир сутка ичинде 106 миң адамдан COVID-19 илдети аныкталды. Джонс Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө дүйнө жүзүнүн 188 мамлекетинде 6 миллион 181 миңден ашык адам аталган ооруга чалдыккан. Мындан тышкары, пандемия башталгандан бери 372 миңден ашык бейтап вирустун курмандыгы болду. 3 миллионго жакын адам COVID-19 инфекциясын жеңип чыкты.

Америка Кошмо Штаттары дале болсо вирусту жуктуруу жана курмандыктардын саны боюнча дүйнөдө лидер болууда. Бүгүнкү күндө бул жерде илдетти 1 миллион 800 миң адам жуктуруп алган. Адистердин айтымында, инфекцияга чалдыгуу учурлары дагы деле өсүүдө. Себеби өлкөдө массалык нааразычылык акциялары өтүп жатат. Бирок, Америка Кошмо Штаттары бул кайгылуу рейтингде биринчи орунда турса да, алардын жугуштуу деңгээли боюнча айрым мамлекеттерге караганда төмөн. Мисалы, үчүнчү күн катары менен алдыңкы тизмеде Бразилия өлкөсү турат.  Мында акыркы 24 сааттын ичинде 33 миңден ашык бейтапка коронавирус диагнозу коюлган. Жалпысынан өлкөдө жарым миллион адамдан COVID-19 илдети тастыкталган. Учурда Бразилия ооруга чалдыккандардын саны боюнча дүйнөдө экинчи орунда турат.

Аны менен катар, соңку учурларда Индияда дагы оорунун күч алуусу байкалууда. Акыркы 24 саат ичинде 8000ден ашуун адамдан COVID-19 илдети аныкталды. Ага карабастан, Индиянын Ички иштер министрлиги коомдук жайларды этап-этабы менен ачууну киргизип, түнкүсүн коменданттардын санын азайтты. Айта кетсек, жаңы жагдайдын өсүү динамикасы Латын Америкасында, Чилиде, Перуда жана Мексикада байкалууда.

Орусия коронавируска каршы препаратты жактырды

Коронавирус жуктуруу учуру боюнча дүйнөдө үчүнчү орунда турган Орусия кооптуу илдетке каршы жаңы препаратты жактырды.  Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, COVID-19га каршы алгачкы препараттын клиникалык сыноолору ийгиликтүү өткөн. Алардын айтымында, тесттер натыйжалуу экендигин далилдеген. Батыш илимпоздору аталган дарыны кооптуу илдетти дарылоодон мурун, дыкаттык менен талдоо керектигин айтышууда.  «The Wall Street Journal» басылмасынын жарыяланган материалында препараттын аты «Фавипиравир» деп аталган. Аны алгач гриппке каршы дары катары ойлоп табышкан. Эске салсак, учурда Орусияда кооптуу илдетке чалдыккан адамдардын саны 415 миң адамга жетти.

Дүйнө боюнча илдет катталган адамдардын саны боюнча алдыңкы өлкөлөрдүн тизмеси азырынча өзгөргөн жок. Төртүнчү орунда Улуу Британия турат. Бул жерде коркунучтуу дартка 276 миң 156 адам чалдыккан. Испанияда болсо 240 миңге жакын учур. Андан кийин Италия, Индия, Франция жана Германия турат. Кооптуу 10 өлкөнүн катарын Түркия толуктайт. Мында инфекцияны 164 миң адам жуктуруп алган.

 

Фото: dw.com