COVID-19: Дүйнөдөгү кырдаал

COVID-19: Дүйнөдөгү кырдаал

Англия COVID-19 илдетин сыноо жана көзөмөлдөө программасын ишке кошот. Долбоорду ишке ашыруу үчүн 40 миң адистен турган топ түзүлдү. Бул программа инфекцияга чалдыккан бейтаптарды текшерип, алар менен байланышта болгондорду аныктап, 14 күнгө обочолоого алат.

«Аз сандагы адамдар үчүн бул кыска мөөнөттүү обочолонуу режими 66 миллион адамды учурдагы пандемиядан акырындык менен сактап калууга мүмкүндүк берет», - дейт Улуу Британиянын премьер-министри Борис Джонсон.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Улуу Британия COVID-19 курмандыгынын көрсөткүчү боюнча дүйнөдө экинчи орунда турат. Бул жерде 37,5 миңден ашык бейтап вирустан көз жумган. Жалпысынан өлкөдө 268 миңден ашык адам аталган илдетке чалдыккан.

Америка Кошмо Штаттары мурдагыдай эле коронавирустук инфекциянын жана өлүм саны боюнча дүйнө жүзүнөн кыйла айырмаланып турат. Рейтер агенттигинин маалыматына караганда, дарыгерлер 100 миңден ашуун адамдын өмүрүн сактап кала алышкан эмес. Эске салсак, өткөн жумада өлкөнүн 20 штатында COVID-19 оорусу көбөйгөнү тууралуу кабарланган.

Ал эми Түштүк Кореяда COVID-19 вирусун жуктурган адамдардын саны кайрадан өсүүдө. Ушул жумада инфекциянын 69 жаңы учуру тастыкталды. Ооруган адамдардын көпчүлүгү Сеулдун батышындагы Пучонг шаарындагы логистикалык борбордо иштеген кызматкерлер.

Джонс Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, дүйнөдө бүгүнкү күндө COVID-19 вирусун жуктурган адамдардын саны 5 миллион 707 миңден ашты. Пандемия башталгандан бери инфекция 355 миңден ашуун адамдын өмүрүн жалмады. Ал эми 2 миллион 350 миң адам оорудан толугу менен айыгып чыкты.

 

Фото: gazeta.ru