Казакстанда СOVID-19 илдети аныкталгандардын саны 9576га жетти

Казакстанда СOVID-19 илдети аныкталгандардын саны 9576га  жетти

Өткөн суткада 272 адам коронавирус илдетин жуктурганы ырасталды. Өсүш 2,9% түздү.

Өлкөдө илдетти жуктуруу боюнча Алматы шаары алдыда. Өткөн суткада дагы 25 адам кошулуп, жалпысынан, жугуштуу вирус аныкталгандардын саны 2378ге жетти. Ал эми өлкө борборунда өткөн сутка ичинде 56 адамдан оору аныкталып, жалпы көрсөткүч 1820 болду.

Башка аймактар боюнча эпидемиологиялык абал төмөндөгүдөй:

Атырау облусу - 959 (+15)

Караганды - 754 (+49)

Шымкент шаары  - 730 (+17)

Батыш Казакстан - 493 (+21)

Жамбыл - 362 (+4)

Түркестан - 354 (+17)

Кызылорда - 324 (+20)

Алматы облусу - 319 (+14)

Актөбе  - 304 (+22)

Павлодар - 192 (+1)

Маңгыстау - 177 (+1)

Акмола - 149 (+2)

Костанай - 136 (+5)

Түндүк Казакстан - 51 (+2)

Чыгыш Казакстан - 74 (+1).

Кооптуу илдеттен 4768 адам айыгып чыгып, 37 адам каза тапты.

 

Фото:ria.ru