Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги: Коронавирус инфекциясы ири ишканаларда аныкталууда

Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги: Коронавирус инфекциясы ири ишканаларда аныкталууда

Республикада өзгөчө кырдаал режими аяктагандан бери болжол менен 3,5 миңге жакын коронавирус учуру катталды. Бирок, өсүү темпи туруктуу 5%. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов Борбордук коммуникациялар кызматында өткөн брифингде билдирди. Ошондой эле, министр учурда эпидемия кайсы аймактарда күчөп жаткандыгын айтты.

«Айрым жерлерде оорунун көбөйүшү байкалууда. Оору жергиликтүү сыпатка ээ. Алар Атырау, Караганды, Жамбыл, Костанай, Түркестан, Батыш Казакстан облустары менен Шымкентте», - деди Биртанов.

Биртанов муну ишканалардын кызматкерлери арасында бейтаптардын санынын көбөйүшү менен байланыштырат. Алардын бардыгы пландык тестирлөө аркылуу аныкталат.

«Атап айтканда, «Теңиз»  кенинде курч респиратордук вирустук инфекциялардын алгачкы белгилери аныкталгандан кийин, массалык текшерүүлөр жана сынамаларды алуу башталды. Азыр тенденция басаңдап, кырдаал биздин санитардык кызматтын жана жергиликтүү бийликтин көзөмөлүндө», - деп кошумчалады Елжан Биртанов.

Ушундай эле жагдай Караганды облусундагы шахтада да байкалды. Бул жерде 350дөн ашык вирусту жуктуруу учурлары катталган. Ал эми Шымкенттеги ишканалардын биринде 219 жумушчуда илдет аныкталган. Нур-Султан менен Түркестан облусунунун курулуш объекттеринде 80 адам инфекцияга чалдыккан. Актөбө жана Жамбыл облустарынын аскер бөлүктөрүндө да бейтаптар катталды.

Ага ылайык, мекеме башчысы санитардык чараларды айрыкча өнөр жай ишканаларында так сактоого кеңеш берди. Ошондой эле, ал профилактикалык текшерүүлөрдү өткөрүп туруу керектигин белгиледи.

Елжан Биртановдун айтымында, өлкөдөгү лабораторияларда күнүнө 25 миңге чейин тест жүргүзүлөт. Эпидемия башталгандан бери 711 миң сыноо жүргүзүлдү.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, учурда өлкөдө 4653 адам дарыланып жатат, анын 355 балдар.

 

Фото: baigenews.kz