COVID-19: Дүйнөдө илдет жуктургандардын саны 5,7 миллионго жакындады

COVID-19: Дүйнөдө илдет жуктургандардын саны 5,7 миллионго жакындады

Бразилияда бир суткада вирустан каза тапкандардын саны 807ге жетти. COVID-19ду 11,6 миң адам жуктурган. Бирок ага карабастан, президент Жаир Болсонару чектөө чараларын тезинен алып салууну сунуштады. Учурда Бразилияда коронавирусту жуктурган адамдардын саны 400 миңге жакындап калды. 24 миңден ашыгы вирустун курмандыгы болду.

Эски континент өлкөлөрүндө спортзалдар менен пляждар ачылды

Коронавирустун эң көп жабыр тарткан өлкөлөрүнүн бири Италияда дүйшөмбү күнү фитнес борборлору жана бассейндер ачылды. Бул эски континент акырындык менен кадимки жашоого кайта баштады. Бирок жаңы эрежелер азыркы учурда эпидемиянын очогу болгон Ломбардияга колдонулбайт. Эки айлык тыныгуудан кийин ачылган фитнес борборлор санитардык нормаларды кылдаттык менен сактоого тийиш.

«Италиянын Сууда сүзүү федерациясы бассейнге бир учурда 44 кишиге кирүүгө уруксат берди. Биз башында 24 адамды гана кабыл алууну чечтик. Адамдар өзүн коопсуз жерде сүзүп жүргөнүн сезиши керек. Бара-бара коноктордун санын көбөйтө беребиз», - дейт спорт клуб жетекчиси Стефано Чечилия.

Учурда өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга ылайык, COVID-19 вирусу 230 миң 500 адамдан аныкталды. 33 миңге жакын бейтап эпидемияга каршы туруштук бере алган жок.

Ал эми Испаниянын пляждары теке айынын 1нен баштап чет элдик туристтер үчүн ачылат. Андан тышкары, өлкөгө келгендер 14 күндүк  өзүн-өзү обочолоо режимине алынбайт.

«Эң оор мезгил артта калды. Кулжа айында биз акырындык менен Испаниянын чек арасын чет элдик туристтер үчүн ачабыз, карантинди алып, саламаттык сактоонун жогорку стандарттарын камсыздайбыз. Биз сиздерди чыдамсыздык менен күтөбүз» - деп жазды Испаниянын Тышкы иштер министри Аранча Гонсалес Лая өзүнүн социалдык баракчасында.

Белгилей кетсек, ушул убакка чейин өлкөдө 280 миңден ашык адамдан COVID-19 илдети тастыкталган. Кооптуу илдет 27 миңден ашык кишинин өмүрүн алды. Деген менен бүгүнкү күндө өлкөдө карантиндик режим акырындык менен жеңилдетилип жатат.

Франция COVID-19 кесепетинен келип чыккан каатчылык менен күрөшүүгө 450 миллиард евро бөлдү

Ал эми бешинчи өлкөдө коронавирусту жуктурган адамдардын саны 182 миңден ашты. 28 миңден ашык бейтап эпидемиянын курмандыгы болду. Эске салсак, Францияда коронавируска каршы карантин 2 айга созулган. Бугу айынын 11нен баштап чектөөлөр жеңилдетилип, дүкөндөр, сулуулук салондору жана чач тарачтар ачылган. Буга байланыштуу Франция коронавирустун кесепетинен каатчылыкка учураган экономикалык тармакты колдоо үчүн 450 миллиард евро бөлдү. Франциянын каржы министри Бруно ле Мэрдин айтымында, бул өлкөнүн ИДӨсүнүн 20% барабар.

Анын айтымында, көрүлүп жаткан чаралардын катарында мамлекеттин кепилдиги менен берилген 315 миллиард евро насыя бар. Бирок карыз салыктык эмес экономикалык өнүгүү аркылуу төлөнүшү керек, - дейт Брюно ле Мэр.

Инфекция жуктургандардын саны боюнча тиземенин сап башында дале болсо АКШ турат. Анда бейтаптардын саны 1 миллион 725 миңден ашат. Инфекциядан 100 миңден ашуун адам көз жумду.

Джонс Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө дүйнөдө COVID-19 вирусун жуктуруп алгандардын саны 5,7 миллионго жетти. Пандемия башталгандан бери инфекция 352 миңден ашуун кишинин өмүрүн жалмады. Ал эми оорудан толугу менен айыгып чыккан адамдардын саны 2 миллион 400 миңден ашты.

 

Фото: dw.com