COVID-19: Бейтаптардын саны 5,5 миллионго жакындады

COVID-19: Бейтаптардын саны 5,5 миллионго жакындады

АКШдагы Гарвард университетинин окумуштуулары коронавируска каршы вакцинаны жаныбарларга ийгиликтүү сыноодон өткөрүштү. Адистер дарыны 8 маймылга колдонуп көрүшкөн. Изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча, эмделген жаныбарлар 6 айдан кийин экинчи жолу вирусту жуктурган эмес. Дарыгерлер алардын организминде ооруга каршы иммунитет пайда болгонун айтып жатышат.

Джонс Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө дүйнөдө COVID-19 вирусун жуктурган адамдардын саны 5 миллион 498 миңден ашты. Пандемия башталгандан бери, инфекция 347 миңге жакын кишинин өмүрүн жалмаган. 2 миллион 300 миңден ашык адам оорудан толук айыгып чыкты.

Инфекция жуктургандар боюнча АКШ дүйнөдө биринчи орунда. Мында бейтаптардын саны 1 миллион 686 миңден ашык. Коронавирустун 363 миңден ашуун учуру менен Бразилия экинчи орунда, андан кийин 344 миң бейтап катталган Орусия үчүнчү сапка жайгашты. Андан кийин Испания (283 миңге жакын), Улуу Британия (260 миң), Италия (230 миң), Франция (182 миңден ашык), Германия (180 миң), Түркия (157 миң), Индия (138 миңден ашык).

 

Фото: nauka.tass.ru