Казакстан – пандемия учурунда органдарды трансплантациялаган Борбордук Азиядагы жалгыз өлкө

Казакстан – пандемия учурунда органдарды трансплантациялаган Борбордук Азиядагы жалгыз өлкө

 

Казакстан – пандемия учурунда органдардын трансплантациясын жүргүзгөн Борбордук Азиядагы жалгыз мамлекет.

«Биз жүрөк жана өпкө трансплантациясын жүргүзгөн Борбордук Азиядагы жалгыз өлкөбүз. Биз мындай операцияларды өлкө ичинде гана жасай алабыз жана алардын саны аз. Азыр органды башка өлкөдөн алуу же башка өлкөгө жөнөтүү мүмкүн эмес. Себеби донорлордун саны аз. Мен бул жерде адам каза болгондон кийинки донорлук тууралуу айтып жатам. Бирок кандайдыр бир себептерден улам Казакстандын жараны башка мамлекетте болуп, ага орган трансплантациясы муктаж болсо, анда мыйзам буга уруксат берет», – деп кабарлайт Улуттук илимий кардиохирургия борборунун башкарма төрагасы Юрий Пя. 

Анын айтымында, карантин учурунда трансплантациялоолордун саны кыйла азайган. Бул көрүнүш дүйнө жүзүндө байкалат. Юрий Пянын айтымында, жалпысынан 2012-жылдан бери Казакстанда жүрөк трансплантациясы боюнча 81 операция жасалган.

«Адамдардын мээсине кан куюлуп, жол кырсыктарынан, өндүрүштө жана үйлөрүндө каза болуп калып жатышат. Башкача айтканда, мүмкүн болуучу донорлордун саны көп. Тилекке каршы, туугандары трансплантациялоого макул болгон учурлар өтө эле аз», – деп атап өттү кардиохирургия борборунун башчысы.

Буга чейин өлкөдө уникалдуу донордук операция жасалгандыгы кабарланган. Каза болгон казакстандыктардын органдары беш реципиентке трансплантацияланган.

Фото: inform.kz