ДССУ: COVID-19дун жаңы толкуну башталышы мүмкүн

ДССУ: COVID-19дун жаңы толкуну башталышы мүмкүн

Дүйнөдө коронавирус эпидемиясы менен күрөшүү уланууда. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, инфекциянын жаңы толкуну башталышы мүмкүн. Үчүнчү дүйнө өлкөлөрү кооптуу инфекцияга каршы туурууга даяр эмес. Ал эми Африкада коронавирус ачкачылык жана үмүтсүздүктү жаратат.

Коронавирус Африкада: ачкачылык жана үмүтсүздүк

Жумушсуздук, жакырчылык жана бекер тамак үчүн узун кезек күтүүлөр. Бүгүнкү күндө коронавирус экономикасы анча өнүкпөгөн өлкөлөргө да жайылды. Пандемиянын Африка континентине тийгизген таасири оор болушу ыктымал. Кара континенттин көптөгөн өлкөлөрү карантинге жана анын кесепеттерине даяр эмес экендиги белгилүү болуп калды. Бул өлкөлөрдө пандемия менен күрөшүү үчүн жасалма дем алуу жана дезинфекциялык жабдыктар жок. Мындан тышкары, карантин жарыялангандан бери көптөгөн жумуш орундары жоюлуп, адамдар кирешелеринен кол жууп калышты. Белгилей кетсек, коронавирус Африкада бирдин айынын башында аныкталган. Бүгүнкү күнгө чейин 66 миңге жакын адам COVID-19 илдетин жуктуруп алган. Бирок адистердин айтымында, бул сан бир нече эсеге көп болушу мүмкүн. Анткени Африканын көпчүлүк өлкөлөрүндө коронавирусту аныктоо максатында тесттер жүргүзүлгөн эмес.

Коронавирус дүйнөдө: илдетти жуктуруу боюнча ТОП-10 антилидер-өлкөлөр

АКШ дале болсо коронавирус инфекциясы тараган мамлекеттер боюнча дүйнөдө лидер болууда. Бүгүнкү күндө мында 1 миллион 577 миң 140 адам илдетке чалдыккан. Ошол эле учурда инфекциядан көз жумгандардын саны жүз миңге жакындап калды.

Вирусту жуктуруу боюнча Орусия Федерациясы дүйнөдө экинчи орунда. Бул жерде 317 миң бейтаптан COVID-19 аныкталды. Кооптуу инфекция күндөн күнгө көбөйүүдө. Буга чейин Чеченстандын лидери Рамзан Кадыровдун да вирус жуктуруп алгандыгы белгилүү болгон.

Ал ортодо Бразилияда коронавирус жуктуруу учурлары кескин көбөйдү. Бүгүнкү күндө бул өлкө коронавирустун таралышы боюнча Улуу Британиядан ашып, үчүнчү орунга чыкты. Эпидемия өлкөдө 310 миңден ашык адамдан аныкталды. Аталган өлкөдө суткасына 30 миңге жакын адам кооптуу илдетке чалдыгууда.

Вирусту жуктуруу боюнча ТОП-10 мамлекеттердин катарына Испания, Италия, Франция, Германия, Түркия жана Иран кирет.

Дүйнөдө илдетке чалдыккандардын саны 5 миллиондон ашты

Джонс Хопкинс университетинин маалыматына караганда, дүйнө жүзү боюнча 5,1 миллиондон ашык адам коронавирус илдетин жуктуруп алган. Инфекциядан 332 миң 900 бейтап каза болду. 2 миллионго жакын адам сакайып чыкты. Бирок ДССУ коронавирустун экинчи толкуну болушу мүмкүн экендигин эскертүүдө. Адистердин айтымында, пандемия коркунучу басаңдай элек. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Орусия Федерациясындагы өкүлү Мелита Вуйнович билдирди.

«Пандемия дүйнөнүн бардык булуң-бурчтарына тарамайынча, аны токтотуу мүмкүн эмес. Бүгүнкү күндө вирус бардык жерге жайылды. Биринчи толкун болгон жерде, экинчисин күтүү мыйзам ченемдүү көрүнүш. Адамдар анын зыяндуулугун жана кесепеттерин түшүнүшү керек. Ошондуктан сактык чараларын ар дайым сактоо зарыл», - дейт Мелита Вуйнович.

Фото: odessa-life.od.ua