Башкы санитардык дарыгер: Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны өсүүдө

Башкы санитардык дарыгер: Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны өсүүдө

Казакстанда акыркы жумада коронавируска чалдыгуу 15%га жогорулады. Бул тууралуу Казакстандын башкы мамлекеттик санитардык дарыгери Айжан Есмагамбетова билдирди. Анын айтымында, кескин көбөйүү ооруну аныктоого арналган тест жүргүзүү көлөмүнүн көбөйүшүнө байланыштуу. Башкы санитардык дарыгер коронавирустук инфекцияга 559 миңден ашык тест жасалганын кошумчалады.

«Жалган куран айына салыштырмалуу күнүнө тесттердин саны 6 миңден 23 миңге көбөйдү. Бул адамдардын арасында скрининг аркылуу бейтаптарды аныктоого багытталган иштерди жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берди», - дейт Айжан Есмагамбетова.

Анын айтымында, карантин чараларын жеңилдетүү ишкерлерге чоң жоопкерчилик жүктөйт. Ошого карабастан күн сайын тартип бузуулар катталууда. Кызмат көрсөтүү жайлары эрежелерди сактабайт. Алсак, акыркы күндөрү Нур-Султан шаарында 358 ишкана текшерилген. Алардын 85% тийиштүү талаптарга жооп бербей турганы аныкталган.

«Сатуучулар беткапсыз жана колкапсыз кызмат көрсөтүшөт. Атайын кийимдер жок. Антисептик колдонулбайт. Нан өнүмдөрүн каптоо талаптары сакталбайт. Ушуга байланыштуу Нур-Султан шаарында күн сайын сатуучулардын арасында коронавирус инфекциясы аныкталып, мыйзам бузуулар үчүн айып пул салынууда. Анын көлөмү 50 миңден 500 миңге чейинки айлык эсептик көрсөткүчтү түзөт. Ал тургай ишкердик объекттин жүмушун токтотууга чейинки чара колдонулат», - деп түшүндүрдү Айжан Есмагамбетова.

 

Фото: otyrar.kz