Борбордо коронавирустун жаңы учурлары 2 эсеге азайды

Борбордо коронавирустун жаңы учурлары 2 эсеге азайды

Нур-Султандагы коронавирустук инфекция саны эки эсеге азайды. Шаардык саламаттык сактоо бөлүмүнүн башчысы Сауле Кисикова шаардагы эпидемиологиялык кырдаал жөнүндө маалымат берди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө коронавирус менен ооругандардын жарымына жакыны илдеттен айыгып чыкты. Сакайгандар менен катар жаңы катталган илдет учурлары соңку аптада 5 пайыздан ашпай, эки эсеге азайганы байкалды. Бөлүм башчысынын айтымында, калаа калкы кадимки жашоого кайтып келүүдө. COVID-2019 эпидемиясына каршы турууга атайын даярдалган медициналык уюмдар мурунку багытка кайтып, ишин улантууда.

«Коронавирустук инфекцияга каршы киргизилген чектөө чаралары акырындык менен алына баштады. Бир катар объекттерди ачып, учурдагы абалга талдоо жүргүзүп жатабыз. Эгерде саламаттык сактоо тутуму кырдаалды жөнгө салып, сынап, көзөмөлдөөнү үйрөнсө карантин режиминен чыгып кетүүгө болот. Борбордо бейтаптарды кабыл ала турган жайлар жетиштүү. Коронавирусту текшерүү борборлору шаардын бардык ооруканаларында ачылган», - деди Сауле Кисикова.

Мындан тышкары, Нур-Султан шаардык саламаттык сактоо бөлүмүнүн башчысы кандай учурда карантин тартибин кайрадан киргизүү мүмкүн экенин атап өттү. Ал дагы бир жолу шаар тургундарын этиятсыздыкка алдырбаш үчүн өткөндөн сабак алууга жана коопсуздук эрежелерин сактоого чакырды.

«Эми алдыдагы экинчи жумада өсүш 5% ашпашы керек. Эгер бул көрсөткүч ашып кетсе, биз карантиндик чараларды күчөтүү жана мурунку талаптарды кайтаруу маселесин карап чыгышыбыз мүмкүн. Карантинди жеңилдетүүнүн негизги талаптарынын бири - инфекциянын деңгээлин төмөндөтүү», - дейт Сауле Кисикова.

Бөлүм башчысы ушул кезге чейин борбор калаада 75 миң ПЦР тесттери жана 32 миң экспресс-тесттер жасалганын маалымдады. Эскерте кетсек, учурда борбор калаада коронавирустук инфекциянын 1 277 учуру катталган. Эпидемиядан 602 адам айыгып чыкты.

 

Фото: astana.gov.kz