Казакстанда коронавируска чалдыккандардын саны 6751ге жетти

Казакстанда коронавируска чалдыккандардын саны 6751ге жетти

Казакстандагы учурдагы эпидемиологиялык кырдаалга ылайык, 311 адамдан COVID-19 илдети аныкталды. Өзгөчө Атырау облусунда эпидемиологиялык абал кооптуу болууда. Бул жерде бир эле убакта 142 учур катталды.

Ошондой эле:

Нур-Султан шаарында - 36

Шымкент шаарында - 31

Алматы шаарында - 24

Костанай облусунда - 19

Түркестан облусунда - 18

Караганды облусунда - 13

Акмола облусунда - 8

Батыш Казакстан облусунда - 6

Кызылорда облусунда - 4

Алматы жана Жамбыл облустарында - 3төн адам,

Павлодарда  - 2

Маңгыстау жана Түндүк Казакстан облустарында - 1 адамдан кооптуу вирус аныкталды.

 

Ошентип, өткөн суткада аймактар боюнча коронавирусту жуктуруу көрсөткүчү 4,8% түздү.

Илдетти жуктургандардын саны боюнча Алматы шаары алдыңкы орунда. Мында коронавирус 1872 адамдан тастыкталган. Нур-Султан шаарында - 1287 бейтапка COVID-19 оорусу жуккан.

Казакстан Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, учурда аймактарда инфекцияны жуктуруу учурлары төмөндөгүдөй:

Атырау облусу - 769

Шымкент шаары - 435

Батыш Казакстан облусу - 329

Караганды облусу - 263

Кызылорда облусу - 250

Түркестан облусу - 240

Актөбе - 228

Жамбыл облусу - 208

Алматы облусу - 212

Павлодар облусу - 167

Маңгыстау - 162

Акмола облусу - 134

Костанай облусу - 98

Чыгыш Казакстан - 58

Түндүк Казакстан облусу - 39

Жалпысынан 6751 бейтап катталды. Сакайып чыккандардын саны 3469. Эпидемиядан 35 адам көз жумду.

 

Фото: coronavirus2020.kz