Казакстандын Президенти коопсуздук чараларын сактоого чакырды

Казакстандын Президенти коопсуздук чараларын сактоого чакырды

Казакстанда коронавирус коркунучу азырынча басаңдай элек. Бул тууралуу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Твиттердеги баракчасына жазды.  

«Коронавирус илдетине каршы күрөшүүдөгү оң натыйжага карабастан, анын таралуу коркунучу басаңдай элек. Жарандарды саламаттыгына зыян келтирбөө үчүн, айрыкча эл көп чогулган жерлерде коопсуздук чараларын сактоого чакырам. Карантин режими жеңилдетилгени менен кооптуулук сакталууда», - деп жазды Президент.

 

Фото: 24.kz