COVID-19: Дүйнө жүзү боюнча коронавируска чалдыккандардын саны 4,7 миллионго жетти

COVID-19: Дүйнө жүзү боюнча коронавируска чалдыккандардын саны 4,7 миллионго жетти

Расмий маалыматтар боюнча, Орусияда үчүнчү күн катары менен күнүнө 10 миңге жакын коронавирус учуру катталды. Бүгүнкү күндө Орусиянын 85 аймагында илдетти жуктуруу учуру аныкталды. Вирустун жайылышы боюнча өлкөнүн борбору лидер болууда. Азыркы учурда Орусия  Федерациясында 281 752 бейтап  COVID-19га чалдыккан. Пандемия башталгандан бери 2600дөн ашуун адам өлүмгө дуушар кылган инфекциядан көз жумду. Ага карабастан Орусиянын бийлиги оорунун жайылышы басаңдаганын айтып, өлкөнү акырындык менен карантинден чыгаруу чечимин кабыл алды.

Дональд Трамп: АКШда вирустун таралышы басаңдады

Ал эми АКШда оорунун деңгээли төмөндөгөнү байкалды.

«Жалпысынан бир нече штаттарды эске албаганда, АКШда коронавирустун таралышы кескин азая баштады», - деп жазды Дональд Трамп Twitterдеги баракчасына.

Маалыматка ылайык, Америка Кошмо Штаттарында 1 миллион 527 бейтап COVID-19га чалдыккан. 90 миң адам көз жумду. АКШ коронавирус инфекцияларынын таралышы боюнча дүйнөдө лидер болуп саналат.

Инфекция жуктуруу боюнча алдыңкы 10 өлкө:

Улуу Британия илдетке чалдыккандардын саны боюнча дүйнөдө үчүнчү орунда. Мында COVID-19дун 245 миң учуру аныкталган. Төртүнчү орунда Бразилия турат. Өткөн дем алыш күндөрү инфекция боюнча Бразилия Испания менен Италияны басып өттү. Акыркы суткада 15 миңге жакын адам илдетке чалдыккан. 816 адам каза тапты. Ага карабастан бийлик өлкөдө инфекциядан качып кутулуу мүмкүн эместигин айтып, катуу карантиндик чараларды көрүүдөн баш тартты.

Илдетти жуктуруу боюнча алдыңкы 10 мамлекеттин арасында Франция, Германия, Түркия жана Иран бар.

Экономикасы анча өнүкпөгөн мамлекеттер үчүн илдет менен күрөшүү кыйынга турууда

Ошол эле учурда, серепчилер эпидемия менен күрөшүү экономикасы анча өнүкпөгөн өлкөлөр үчүн кыйынга туруп жатканын айтышууда. Мисалы, жакында Африка континентинде коронавирустун жайылышы миллиондогон адамдардын өмүрүнө коркунуч келтирген. Мындан тышкары, коронавирус пандемиясынын жайылышы ири гуманитардык каатчылыкка алып келиши мүмкүн. Оору өлүмгө алып келбесе да, чек аралардын жабылышы жана экономикалык төмөндөөнүн аягы оор кесепеттерге алып келиши ыктымал.

Көптөгөн өлкөлөр адамдардын өмүрүн сактап калуу үчүн күрөшүп жатса, айрым өлкөлөрдө адамдар эркин жашоо үчүн карантиндик чараларды алып салуу үчүн митингге чыгышууда. Ал эми Ооганстан эли көчөлөрдө кайыр сурап жүрүшөт. Провинциялардын биринде ушул тапта куралдуу кагылышуу башталды. Тартип сакчыларына таш ыргытып, ок чыгарып, нааразычылык билдирүүчүлөр губернатордун үйүнө басып кирүүгө аракет кылышкан. Натыйжада кеминде 6 адам көз жумду.

Белгилей кетсек, Джонс Хопкинс университетинин акыркы маалыматтары боюнча, дүйнө жүзү боюнча 4 миллион 700 миң кишиге COVID-19 диагнозу коюлган.

 

Фото: rbc.ru