Казакстанда коронавирус аныкталгандардын саны 6440ка жетти

Казакстанда коронавирус аныкталгандардын саны 6440ка жетти

Өткөн дем алыш күндөрү Казакстанда коронавирустук инфекциянын саны кескин өстү. Өткөн суткада дагы 283 адам COVID-19 илдетин жуктурган, анын ичинде: Атырау облусу - 86, Шымкент - 60, Алматы - 46, Нур-Султан - 20, Түркестан облусу - 19, Караганды облусу - 18, Батыш Казакстан облусу - 13, Маңгыстау облусу - 8 адам, Алматы жана Павлодар облустарында - 3 адам, Түндүк Казакстан жана Жамбыл облустарында - 2 адам, Акмола, Костанай, Кызылорда облустарында - 1ден  адам.

Казакстанда ушул сааттарга карата эпидемиологиялык абал боюнча өсүш 4,6% түзүүдө.

Жалпысынан:

Алматы - 1848

Нур-Султан шаары - 1251

Атырау облусу - 627

Шымкент шаары - 404

Батыш Казакстан облусу - 323

Караганды облусу - 250

Кызылорда облусу - 246

Актөбе облусу - 228

Түркестан облусу - 222

Алматы облусу - 209

Жамбыл облусу - 205

Павлодар облусу - 165

Маңгыстау облусу - 161

Акмола облусу - 126

Костанай облусу - 79

Чыгыш Казакстан - 58

Түндүк Казакстан облусунда - 38, жалпысынан 6440 адамдан  коронавирус илдети аныкталды.

Анын ичинен айыгып чыккандар – 3256, каза тапкандар – 34 адам.

 

Фото: topspb.tv