БУУ: COVID-19 адамдарга психологиялык жактан да зыян тийгизүүдө

БУУ: COVID-19 адамдарга психологиялык жактан да зыян тийгизүүдө

Жакын адамынан айрылуу, жумушсуздук, обочолонуу жана кыймылдын чектелүүсү, келечекке болгон тынчсыздануу. COVID-19 эпидемиясы адамдарга физикалык жактан эле эмес, психологиялык жактан да терс таасир тийгизүүдө.

БУУнун Башкы катчысы бардык мамлекеттердин өкмөттөрүн психикалык саламаттык сактоо кызматтарын кеңейтүүгө жана толук каржылоо, анын ичинде заманбап медициналык көмөктү камсыз кылууга  чакырды.

«Вируска каршы күрөшүүдө эң алды менен адистерди, улгайган адамдарды, жаштарды, ошондой эле, нерв системасы бузулган жана илдет очогунда жашаган адамдарды көзөмөлгө алышыбыз керек. Алар биздин колдоого жана жардамга муктаж», - деди БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш.

Айта кетсек, бүгүн БУУ коронавирустун адам психологиясына тийгизген терс таасири тууралуу атайын баяндамасын жарыялады. 

Дүйнөдө коронавирустан айыгып чыккандардын катары калыңдоодо

Джонс Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, дүйнө жүзүндө коронавирустан айыгып чыккан адамдардын саны өсүүдө.

Америка Кошмо Штаттары COVID-19 учурларынын саны боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат. Бүгүнкү күндө вирусту 1 миллион 42 миң адам жуктуруп алган. Анын  ичинен 244 миңге жакын бейтап айыкты.

Ал эми Италияда коронавирус жуктургандардын жарымынан көбү сакайды. Өлкөдө 222 100 адам бул вируска чалдыккан. Бүгүнкү күндө 113 миңге жакын бейтап айыкты. Пандемия башталгандан бери Италияда жалпысынан 31100 миң бейтап каза тапты.

Германияда илдеттен айыккандардын саны 148700 адамга жетти. Бул COVID-19 тастыкталган 174 миң учурдун 80% түзөт. Эпидемиядан жалпысынан 7800 миң адам көз жумду.

Европанын башка өлкөлөрүнүн арасында Испаниянын калыбына келүү деңгээли жакшы. Бул жерде 140 800 адам вирустан айыккан. Бул өлкөдө катталган учурлардын жарымынан көбүн түзөт. Жалпысынан Испанияда 228 700гө жакын адам коронавирус жуктуруп, 27100 адам каза тапты.

Жалпы жонунан COVID-19 пандемиясынын башталышынан бери дүйнө жүзү боюнча 4 миллион 300 миңден ашык адам илдетке чалдыкты. 1 миллион 500 миңден  ашык адам ооруну жеңди. Инфекциядан 297 100 бейтап каза болду.

 

Фото: psyfactor.org