Коронавирус геному Казакстанда изилденет

Коронавирус геному Казакстанда изилденет

Казакстан COVID-19 эпидемиясын изилдөө боюнча дагы бир жаңы демилгени колго алды. Эми ата мекендик окумуштуулар коронавирустун геномун изилдей башташат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Коомдук саламаттык сактоо улуттук борборунун мүдүрүнүн орун басары Сержан Айдосов билдирди.

«Биз коронавирустук инфекциянын баштапкы абалын жана алардын байланышын изилдейбиз. Бул Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун долбоору. Бул бизге вирустун штаммын, ошондой эле, вирустун калк арасында кандай таралышын, анын кандайча жайылгандыгын, кандай факторлор түрткү берерин изилдөөгө мүмкүндүк берет. Жыйынтыгын жогорку окуу жайлардын адистери жана окумуштуулары изилдегенден кийин 1-2 айдын ичинде Саламаттык сактоо министрлигине тапшырабыз», - деди Сержан Айдосов.

Маалыматка ылайык, өлкөдө коронавирусту жеңип чыккандардын саны күн сайын өсүүдө. Бүгүн Саламаттык сактоо министрлиги 64 бейтаптын айыгып чыкканын жарыялады. Ошентип, Казакстан боюнча айыккандардын саны 2287ге жетти. Бүгүнкү күндө 5417 адамга кооптуу илдет диагнозу коюлган. Ал эми көз жумгандардын саны 32 адам.

 

Фото: inform.kz