COVID-19: ДССУ COVID-19га каршы вакцина иштеп чыгууда

COVID-19: ДССУ COVID-19га каршы вакцина иштеп чыгууда

Коронавирус инфекциясы дүйнө жүзүн жана анын маалымат мейкиндигин каптады. Ушул күндөрү интернеттеги ар бир экинчи жаңылык эпидемияга байланыштуу. Бирок, бир катар өлкөлөрдө карантин режими жеңилдегенине карабастан калк дале тынчсызданып жатат. Бардыгын кооптуу инфекцияга каршы вакцина качан иштелип чыгат деп ойлондурууда. Учурда дүйнө жүзү боюнча жүздөн ашык фармацевтикалык компаниялар коронавируска каршы вакциналарды иштеп чыгууда. Белгилей кетсек, сегиз үлгү азыркы учурда клиникалык сыноодон өтүп жатат. Бирок, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун айтымында, натыйжалуу вакцинанын пайда болуусуна азырынча эрте. Алар аны быйылкы жылы ойлоп таап, өнүктүрө алат деген ишеним билдирүүдө. Бирок массалык өндүрүш 2021-жылга чейин башталбайт.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму COVID-19 препараттарынын да панацея болушу мүмкүн экендигин жокко чыгарбайт. Учурда бир нече дары текшерилип жатат. Бирок алардын аталыштары дагы эле жашыруун бойдон калууда. Мунун себептеринин бири - бул дары-дармектер вирусту толугу менен токтото албайт. Бирок бул дары-дармектер оорунун жана анын кесепеттерин төмөндөтүшү мүмкүн экендиги жөнүндө далилдер бар.

COVID-19: Дүйнөдө илдетке чалдыккандардын саны 4,4 миллионго жакындады

 

Джонс Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө дүйнө жүзү боюнча 4 миллион 339 миңден ашык адам кооптуу инфекцияны жуктуруп алган. Алардын ичинен 300 миңге жакыны көз жумду. Учурда ДССУ Түндүк жана Түштүк Американы пандемиянын очогу деп эсептөөдө. Бирок, башка континенттерде коронавирусту жуктуруу учурлары аныкталууда. Белгилей кетсек, АКШда COVID-19 эң көп катталган жана андан каза болгондордун саны боюнча алдыңкы орунда турат. Өлкөдө 1 миллион 408 миңден ашык адам бул илдетке чалдыккан. АКШнын Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси коронавирусту "Америка тарыхындагы эң чоң кырсык" деп атады. Ошол эле учурда өлкөдө инфекция менен күрөшүүгө жумшалган каражаттар да өсүүдө. Бүгүнкү күндө Америка Кошмо Штаттарынын 33 миллион жараны жумушсуздук боюнча жардам акы алууга арыз берген.

Орусия коронавирус жуктурган адамдардын саны боюнча экинчи орунга чыкты. Ал ортодо Владимир Путиндин Басма сөз катчысынан да коронавирус аныкталды

Тизменин башында АКШ турганда, экинчи орунду туруксуз деп кесе айтуу кыйын. Анткени мамлекеттердеги кырдаал тынымсыз өзгөрүүдө. Азырынча Орусия ушул деңгээлге көтөрүлдү. Учурда коңшу мамлекетте бул илдетке чалдыккандардын саны 232 миң адамга жетти. Буга чейин премьер-министр Михаил Мишустин ооруп жаткандыгы кабарланган. Азыр анын ден соолугу жакшырып жатат. Ал кечээ кечинде маалымат жыйынында Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песковго коронавирус жукканын билдирди. Пандемия башталгандан бери бардыгы болуп 2111 адам көз жумду.

Үчүнчү орунда Испания турат. Мында 228 миңге жакын инфекция жуктуруу учуру катталган. Андан кийин коронавирус аныкталган мамлекеттер Улуу Британия, Италия, Франция, Бразилия, Германия, Түркия жана Иран болуп саналат.

 

Фото: dv.ee