ДССУ Казакстандын коронавирус менен күрөшүү аракетин жогору баалады

ДССУ Казакстандын коронавирус менен күрөшүү аракетин жогору баалады

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европадагы аймактык бюросунун мүдүрү Ханс Клюге Казакстандын коронавирус менен күрөшүү аракетин жогору баалады.

«Казакстан – COVID-19га байланыштуу абалды турукташтыруу боюнча жигердүү күч-аракеттин үлгүсү», - деп жазды Клюге өзүнүн социалдык баракчасында.

Мындан тышкары, уюмдун Европадагы аймактык бюросунун башчысы өлкөдө эпидемияны көзөмөлдөө күчөтүлүп жаткандыгын, айрыкча медицина кызматкерлеринин арасында кеңири тестирлөө, санариптик маалыматтарды чогултуу, алдын-алуу чаралары, бейтаптардын байланышы жана туура дарылоо тактикасы колдонулуп жатканын белгиледи.

 

Фото: liga.net