COVID-19: Дүйнө жандана баштады

COVID-19: Дүйнө жандана баштады

Дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө карантинге болгон талап жеңилдетиле баштады. Германияда ири дүкөндөр алгачкы кардарларын кабыл ала баштаса, өлкөнүн айрым жерлеринде ресторандар да эшигин ачты. Франциянын жарандары уруксатсыз сыртка чыгууга мүмкүнчүлүк алышты.

Ошондой эле, көчөдө сейилдөөгө жана спорт менен алектенүүгө болот. Дүкөндөр ачылганы менен ресторандар жабык боюнча турат. Коомдук транспорттогу жүктү азайтуу максатында жарандарды үйдөн иштей берүү сунушталды. Кинотеатрлар, казинолор, бассейндер, фитнес-борборлор жана лагерлер кулжа айына чейин иштебейт. Ушундай чаралар бугу айынын 11де Швейцарияда жана Бельгияда күчүнө кирди.

Коронавирустун эң көп жабыр тарткан Европа өлкөсү Испанияда акыркы эки айда биринчи жолу тургундарга сыртка чыгууга уруксат берилди. 47 миллион калк жашаган өлкөнүн жарандарына талаада коопсуз аралыкты сактоого кеңеш берилди. Ресторандар ачык абада чектелген тартипте иштей алышат.

Англияда аралыктан иштөөгө мүмкүнчүлүгү жок адамдар кеңселерине кайтып келишти, бирок алардан тазалыкты жана социалдык аралыкты сактоо талап кылынат. Бугу айынын 13нөн тарта үй-бүлө мүчөлөрүнө сейилдөөгө жана спорт менен машыгууга уруксат берилди. Жээкте же сейил бактарда да эс алууга уруксат.

Данияда соода түйүндөрү жана соода борборлору кайрадан ачылды. Грецияда жумушчулардын үчтөн бири жумушка кайтып келди. Мындан тышкары, чоң класстын окуучулары үчүн сабактар мектепте ​​өтүлөт.

Чехияда музейлер, галереялар, кинотеатрлар жана концерттик залдар ачык. Бирок 100дөн ашык адам кирүүгө болбойт. Польшада мейманканалар, жатаканалар жана соода борборлорунун иши жанданды. Балтика мамлекеттери бугу айынын 15нен тарта өз чек араларын ачууну макулдашышты.

Орусияда бугу айынын 12де иш башталды. Өлкө элине кайрылуу жасаган Владимир Путин шейшемби күнү жумушсуз күндөр этабы аяктай турганын жарыялады.

АКШнын эң көп жабыркаган штаты Нью-Йоркто кээ бир карантин чаралары жеңилдетилди. Жума күндөн баштап инфекция жуктуруу кооптуулугу төмөн ишканалар менен айрым кызмат көрсөтүүчү жайлар жумушун жандандыра баштайт. Мындан тышкары, теннис корттору жана унаа кире турган кинотеатрлар, багбандар жумушун уланта алышат.

Джонс Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, дүйнөдө коронавирусту жуктурган адамдардын саны 4,1 миллиондон ашты.

Фото: bbc.com​