Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 4160ка жетти

Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 4160ка жетти

Казакстанда ушул сааттарга карата дагы 39 адамдан COVID-19 аныкталды. Анын ичинде: Алматы калаасында – 18, Нур-Султан шаарында – 5, Костанай облусунда – 3, Атырауда – 4, Актөбеде – 3, Павлодар жана Караганды облустарында – 2 адамдан, Алматы жана Маңгыстау облустарында – 1 адамдан кооптуу илдет аныкталды.

Өлкөдө илдет жуктургандардын саны боюнча Алматы шаары алдыда. Бул жерде 1353 адамдан коронавирус ырасталган. Нур-Султан шаары боюнча - 728 бейтап COVID-19 илдетине чалдыккан.

РКнын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, ушул сааттарга карата аймактардагы инфекция жуктуруу учурлары төмөндөгүчө:

Кызылорда облусу – 216

Шымкент шаары – 215

Атырау – 206

Батыш Казакстан – 198

Актөбе – 163

Караганды – 161

Жамбыл облусу – 158

Алматы облусу – 157

Түркестан облусу – 154

Павлодар – 152

Акмола – 101

Маңгыстау – 85

Костанай – 53

Түндүк жана Чыгыш Казакстанда – 30.

Жалпысынан Казакстанда 4160  бейтап катталды. Айыгып чыккандардын саны – 1264. 29 адам илдеттен көз жумду.

 

Фото: sputniknews.kz