COVID-19: Дүйнөлүк тиричилик кайрадан жандана баштады

COVID-19: Дүйнөлүк тиричилик кайрадан жандана баштады

Дүйнөдө коронавирус пандемиясына байланыштуу киргизилген карантиндик чаралар жеңилдей баштады. Жалган куран айынын 10нан баштап өзүн-өзү обочолоо режими киргизилген Италияда дүйшөмбү күнү 4,5 миллион адам жумушка чыкты. Апеннин жарым аралындагы эпидемиологиялык кырдаал дагы жакшырды. Мында бир суткада  1200 адам вирус жуктурган. Жалпысынан, италиялыктарга парктарда сейилдөөгө жана таза абада спорт менен машыгууга уруксат берилди. Бирок, коомдук транспортто беткап кийүү милдеттүү болуп саналат.

Ал эми Германияда жүз миңдеген бала мектепке кайтып келди. Бул биринчи кезекте бүтүрүүчү окуучулар. Сабак учурунда окуучулар аралыкты сактап, бири-биринин жанына отурбашы керек. Роберт Кох институтунун маалыматы боюнча, өлкөдө 163000ден ашык адам коронавирус вирусун жуктурган. 6692 адам көз жумган.

Испанияда чакан дүкөндөр жана чач тарачтар ачылды. Ресторандар тамак-ашка буйрутма ала башташты. Бирок эл азырынча көчөгө чыгууга шашкан жок. Ошондой эле, полиция коомдук транспортто коргоочу бет каптарды таратып жатат. Испанияда акыркы суткада 164 адам COVID-19дан көз жумду. Бул акыркы жарым айдагы эң төмөнкү көрсөткүч.

Португалияда инфекциянын жана өлүмдүн деңгээли Европа Биримдигинин көпчүлүк өлкөлөрүнө караганда төмөн, андыктан өлкөнүн сёрферлери океан толкунунда машыгууга чыгышты.

«Кандай сонун! Шамал бар, бирок толкундар кичинекей. Бирок биз буга ыраазыбыз. Ушул максатка жеткениме кубанычтамын. Мен өзүмдү кайрадан жаңы төрөлгөндөй сезип жатам!», - дейт спортчулардын бири.

Пляждар дале жабык боюнча. Бирок суу спорту менен алектенип жаткандар үчүн өзгөчө шарттар түзүлдү. Эң негизгиси сууда социалдык аралыкты сактоо эрежелерин бузбоо жана 10дон ашык адам чогулбашы керек. Өлкө карантин режимин толугу менен алып салууну этап-этабы менен  жүргүзүүдө. Кырдаал ар бир 15 күндө бааланып андан ары чечим кабыл алынууда.

Ал эми АКШда COVID-19дун жайылышы боюнча абал канааттандырарлык эмес. АКШда эпидемия башталгандан бери 1,18 миллиондон ашык адам оору жуктурган. 69 миңге жакын бейтап каза болуп, 187 миңден ашык адам айыгып чыкты.

Джонс Хопкинс университетинин акыркы маалыматтарына ылайык, дүйнөдө коронавирусту жуктурган адамдардын жалпы саны 3 миллион 582 миңден ашты. Пандемия башталгандан бери 251 миңден ашуун адам каза таап, 1 миллион 162 миңден ашыгы айыкты.

 

Фото: interfax.ru