COVID-19ду жуктургандардын саны өсүүдө

COVID-19ду жуктургандардын саны өсүүдө

Тенгиз кен жайында коронавирус жуктургандардын саны 120 адамга чейин өстү. Санитардык-эпидемиологиялык башкармалыгынын маалыматы боюнча, бул обочолонуу эрежелеринин бузулушунан улам келип чыккан. Маалым болгондой, карантиндик ооруканаларда иштеген кызматкерлер белгиленген чектөөлөрдү аткарышкан эмес.

Эскерте кетсек, буга чейин жумушчулар карантин чараларын жеңилдетүүнү талап кылышкан. Бирок ыкчам штабдан кабарлашкандай, бул жаатта эч кандай маселе коюлбай турганы айтылган.

«Алар жашоо шартынан чектөөлөрдү алып салууну талап кылышты. Атап айтканда, жумушчулар тамеки тартуучу, тамактануу жайларына жана чогуу убакыт өткөрүүгө уруксат берүүнү суранышты. Бул карантин астында өзүн-өзү изоляция режимин бузгандыктан алардан баш тартылды», - деп айтылат ыкчам штабдан.

Деген менен өлкөдө COVID-19 илдетин жуктургандардын саны өсүүдө. Соңку маалыматтарга ылайык, республикада алардын жалпы саны 3988ге жетти. Ооруга чалдыккандардын көпчүлүгү Алматыда. Бул жерде инфекция жуктургандардын 1291 учуру катталды. Экинчи орунда коронавирустун 700 учуру менен Казакстандын борбору турат. 214 бейтабы менен алгачкы үчтүктү Кызылорда облусу толуктайт. Шымкент шаарында коронавирустук инфекциянын анализи бар бейтаптардын саны азыраак.

Батыш Казакстан облусу – 189,

Атырау – 184,

Актөбе облусу – 160,

Караганды – 159,

Жамбыл – 154,

Алматы менен Павлодар облустарында –  150 учурдан,

Түркестан – 141,

Акмола – 100,

Маңгыстау  – 74,

Костанай – 50,

Түндүк Казакстан – 30,

Чыгыш Казакстан – 29.

Бактыга жараша, COVID-19 илдетин жеңип чыккандардын катары да калыңдоо. Акыркы маалыматтарга ылайык, республика боюнча алардын саны 1107ге жетти. Ал эми 27 адам кооптуу инфекциянын курмандыгы болду.

 

Фото: aa.com.tr