Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 3964кө жетти

Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 3964кө жетти

Коронавирус илдетин жуктурган дагы 44 адам катталды. Батыш Казакстан облусунда – 12, Нур-Султан шаарында – 8, Актөбе облусунда – 7, Алматы калаасында – 6, Караганды облусунда – 4, Атырау жана Жамбыл облустарында – 3 адамдан, Шымкент шаарында – 1.

Жалпысынан өлкөдө 3964 адам коронавирус илдетине чалдыкканы белгилүү болду. Бул сааттарга карата статистикалык көрсөткүч төмөндөгүчө:

Алматы калаасы – 1291,

Нур-Султан шаары – 698,

Кызылорда облусу – 214,

Шымкент шаары  – 212,

Батыш Казакстан  – 186,

Атырау облусу – 184,

Актөбе  – 160,

Караганды облусу  – 159,

Жамбыл – 152,

Павлодар – 150,

Алматы облусу – 149,

Түркестан  – 135,

Акмола – 100,

Маңгыстау  – 65,

Костанай  – 50,

Түндүк Казакстан – 30,

Чыгыш Казакстан  – 29.

1084 бейтап оорудан айыгып чыкты. Бирок дем алыш күндөрү эки бейтап илдеттен көз жумуп, курман болгондордун саны 27ге жетти.

 

Фото: informburo.kz