Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 3273кө жетти

Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 3273кө жетти

Бугу айында Нур-Султанда коронавирус инфекциясынын жайылышы басаңдашы мүмкүн. Бул тууралуу шаардык коомдук саламаттык сактоо бөлүмүнүн башчысы Сауле Кисикова билдирди. Анын айтымында, акыркы суткада жуктуруу боюнча өсүш 2,6 пайыздык деңгээлде болду.  

«Борбордо абал турукташууда. Мисалы, акыркы эки күндө вирус жуктургандар аз катталды. Бул алдын алуу иштеринин натыйжасы десек болот. Учурда шаарда жарандарды экспресс-тесттерден өткөрүп жатабыз. Жуктургандардын аныкталып жатышы жакшы көрүнүш. Башкача айтканда, алдын алуу иштерин да мындай шартта тезирээк жүргүзө алабыз», - дейт  Сауле Кисикова. 

Жалпысынан Казакстанда дагы 68 адамдан COVID-19 илдети аныкталды. Эпидемиологиялык абал Алматы калаасында курч бойдон калууда. Бул жерде 988 бейтаптан коопту вирус аныкталган. Ал эми борбордо 631 адам коронавирус жуктуруп алган.

Казакстан Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, ушул саатта аймактардагы инфекция жуктуруу учурлары төмөндөгүчө:

Кызылорда облусу – 198,

Шымкент шаары – 192,

Караганды облусу– 149,

Батыш Казакстан – 146,

Алматы облусу – 135,

Атырау – 135,

Павлодар – 128,

Түркестан – 124,

Жамбыл – 119,

Акмола облусу  – 99,

Актөбе – 82,

Костанай облусу – 49,

Маңгыстау – 48,

Түндүк Казакстан – 30,

Чыгыш Казакстан – 20.

Бардыгы – 3273 бейтап кооптуу илдетти жуктурган. Коронавирус инфекциясынан айыгып чыккандардын саны – 832 адам, көз жумгандар – 25.

 

Фото: informburo.kz