COVID-19: Дүйнө өлкөлөрү коронавирустун экинчи толкунунан кооптонууда

COVID-19: Дүйнө өлкөлөрү коронавирустун экинчи толкунунан кооптонууда

Дүйнө жүзүндөгү мамлекеттер коронавирустун экинчи толкунунан кооптонууда. Ошондуктан Европа бийлиги экинчи толкундан сактануу чараларын колго алууну баштоо керектигин билдирди. Улуу Британия ТИМ башчысы Доминик Раабдын айтымында, өлкөнү обочолоо режиминен чыгаруу азырынча эрте, анткени вирустун таралуу коркунучу дале жогору.

«Өткөн аптада чектөө чаралары жеңилдетилген Германияда коронавирусту жуктуруу учурлары көбөйгөн. Германия канцлери Ангела Меркель инфекция жуктургандардын саны өсө турган болсо Германияда кайрадан карантин режимин киргизүүгө туура келерин билдирди», - дейт Рааб.

Ал эми Улуу Британияда абал жакшыра элек. Өлкөдө пандемия башталгандан бери COVID-19 илдетинен курман болгондордун саны 26 миңден ашты. Бул жакында кабарланган көрсөткүчтөн 4 миңге көп. Бийлик өкүлдөрүнүн маалымдашынча, статистикага медициналык жана социалдык мекемелерде, ошондой эле, өз үйлөрүндө жалган куран айынын 2нен чын куран айынын 28не чейин курман болгондор тууралуу маалыматтар киргизилген.

Ал тапта Апеннины жарым аралындагы эпидемиологиялык абал жакшырды. Мында коронавирус илдетин жуктуруу саны азайган. Бир сутка ичинде 2086 адамдан коронавирус аныкталды. 323 бейтап курман болду. Бул үстүбүздөгү аптадагы өлүмдүн эң төмөнкү көрсөткүчү. Пандемия башталгандан бери Италияда 27 682 адам COVID-19дун курмандыгы болду. Коронавирус менен күрөшүү боюнча комиссия мүчөсүнүн айтымында, азыр карантинден чыккан өлкө эпидемияга даяр.  

«Бизде өпкөнү жасалма дем алдыруу аппараттары бар. Эгерде вирус кайрадан күч ала турган болсо биз аппараттарды аймактарга тарата алабыз.  Бул жолкусунда биз инфекциянын мындан да күчтүү толкунуна толугу менен даярбыз. Саламаттык сактоо системасынын бири да оорунун апокалиптикалык масштабын көтөрө албайт. Деген менен мындай абал болбойт деп ишенебиз», - дейт коронавирус менен күрөшүү боюнча комиссиянын мүчөсү Доменико Аркури.  

Францияда акыркы суткада COVID-19 вирусунан 427 бейтап көз жумду. Жалган куран айынын биринен баштап өлкөдө 24 миңден ашык адам инфекциянын курмандыгы болгон. Соңку 24 саат ичинде 1070 бейтап ооруканага жаткырылды. Аны менен катар, жандандыруу бөлүмүндөгү бейтаптардын саны 180ге азайды. Бугу айынын 11нен баштап бешинчи республика акырындан карантин режиминен чыга баштайт деп күтүлүүдө. Өлкөдө муниципалдык жумушчулар үймө-үй кыдырып беткап таратууда. Анткени алдыдагы убакытта коомдук транспорттордо беткаптарды тагынуу милдеттендирилет.

Джонс Хопкинс университетинин соңку маалыматтарына ылайык, дүйнөдө коронавирусту жуктургандардын жалпы саны 3 миллион 200 миң адамга жакындады. Пандемия башталгандан бери 227 миңден ашык бейтап курман болуп, 972 миңден адам айыгып чыкты.

 

Фото: interfax.ru