Казакстанда коронавирусту аныктай турган дагы 30 лаборатория ачылат

Казакстанда коронавирусту аныктай турган дагы 30 лаборатория ачылат

Казакстанда коронавирус инфекциясынын эл арасындагы жашыруун таралуу очокторун аныктоо чаралары күчөтүлөт. Бул максатта бугу айынын аягына чейин COVID-19дун бар-жогун аныктоочу тесттен өтүүчүлөрдүн санын суткасына 25 миңге чейин көбөйтүү жана Казакстан боюнча дагы 30 лаборатория ачуу көздөлгөн. Бул тууралуу мамлекеттик комиссиянын ыкчам штабы маалымдады.

«Биринчи кезекте медицина кызматкерлери, укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана коронавирус пандемиясынын таралышы менен күрөшүп жүргөн башка да адамдар текшерилет. Аны менен катар, оор жугуштуу оорулары бар адамдар, кош бойлуулар каралат», - деп айтылат маалыматта.

Айта кетсек, бүгүнкү күндө жалпы республика боюнча СOVID-19 вирусун аныктоочу тесттен суткасына 16 миң адам өткөрүлүүдө.

 

Фото: kursiv.kz