Казакстанда 3078 адамда COVID-19 аныкталды

Казакстанда 3078 адамда COVID-19 аныкталды

Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны бугу айынын аягына чейин 5300гө жетиши мүмкүн. Бул тууралуу өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Айжан Есмагамбетова маалымдады.

«Жалпысынан Казакстан боюнча чын куран айынын соңуна чейин 3400 учур катталат деп болжолдоп жатабыз. Ал эми бугу айынын соңуна чейин 5300 бейтап болушу мүмкүн. Буга чейин белгилегендей, жуктуруулардын көпчүлүгү сырттан келгендерден аныкталып жатат. Акыркы эки аптада ушундай 200 учур катталды. Бул көрсөткүч тышкы кооптонууну билдирет, бирок ички эмес», - деди ал.

Акыркы маалыматтар боюнча, бүгүнкү күндө Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 3078ге жетти. Анын ичинен айыгып чыккандардын саны -774, ал эми курман болгондор - 25.

 

Фото: kaztag.kz​