Сингапур окумуштуулары: Казакстан COVID- 19ду теке айында толугу менен жеңет

Сингапур окумуштуулары: Казакстан  COVID- 19ду теке айында толугу менен жеңет

Казакстан ушул күндөрү коронавирус пандемиясынын жогорку чегинен өтүүдө. Бейтаптардын саны кулжа айынын 2де 97%га, 14дө 99% азаят. Ал эми теке айынын 28де коронавирус инфекциясынын таралуусу токтошу мүмкүн. Бул Сингапур окумуштууларынын божомолу.

Өлкөдөгү технологиялар жана дизайн университети менен Массачусетс технологиялар институтунун окумуштуулары Казакстандан башка кооптуу инфекция тараган бир нече өлкөдөгү COVID-19дун аяктоо мөөнөтүн божомолдоду. Болжолдорду эсептөө үчүн математикалык SIR-модели колдонулду. Ал бейтаптардын санын, белгилүү бир убакытта вирусту жуктурган адамдарды, ошондой эле, адамдар арасындагы байланыштын жигердүүлүгүн эскепке алган деп кабарлайт Naked Science.

Айта кетсек, өлкөнүн Саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов кооптуу илдеттин жаздын аягына чейин жогорку чегинен өткөнү менен эпидемия жай мезгилинде да азайып кетпейт деп билдирген. Казакстандык эпидемиологдордун пикиринде, коронавирус инфекциясы күзүндө сасык тумоо менен бирге кайра өрчүшү мүмкүн. Мындан улам серепчилер элдин көбүнө сасык тумоого каршы вакцина жасалышы керектигин эскертүүдө.

 

Фото: ztb.kz