Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 3063кө жетти

Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 3063кө жетти

Казакстанда дагы 36 адамдан COVID-19 илдети аныкталды. Эпидемиологиялык абал Алматы шаарында оор бойдон калууда. Ал жерде 924 бейтаптан кооптуу вирус табылган. Борбордо 612 адам коронавирус жуктурган.

Казакстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, ушул саатта аймактардагы инфекция жуктуруу учурлары:

Кызылорда облусунда - 187,

Шымкент шаарында - 182,

Карагандыда - 139,

Атырауда – 131,

Батыш Казакстанда - 127,

Түркестанда - 124,

Павлодар облусунда – 122,

Алматы облусунда - 113,

Жамбылда - 113,

Акмола облусунда - 98,

Актөбеде - 65,

Костанайда - 45,

Маңгыстауда - 34,

Түндүк Казакстанда - 30,

Чыгыш Казакстанда - 17, жалпысынан  3063 бейтап катталды.

Коронавирус инфекциясынан айыгып чыккандардын саны – 725 адам, курман болгондор – 25.

Ошондой эле, Казакстанда коронавирус аныкталган жети бейтап интенсивдүү терапиядан туруктуу палатага которулду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

«Казакстанда COVID-19 жуктурган жети бейтап: Алматы шаарында  - 2, Нур-Султанда - 1, Кызылорда облусунда - 2, Батыш Казакстанда - 1, Атырауда - 1 бейтап интенсивдүү терапиядан туруктуу палатага которулду», - деп айтылат маалыматта.

Дарыгерлер ооруга чалдыккандардын абалы жакшырганын белгилешүүдө жана алар эми интенсивдүү терапияга муктаж эмес деп эсептейт. Жалпысынан өлкөдө 50 бейтап жандандыруу бөлүмүнөн адистештирилген бөлүмгө которулган.

 

Фото: kapital.kz